"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Общество | 28.04.2026
  • |

Ташкентте “Жаңы Борбор Азия интеграциясынын саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык аспектилери” аттуу эл аралык конференция өттү

Бүгүн, 28-апрель күнү Ташкент шаарындагы Өзбекстан эл аралык ислам таануу академиясында “Жаңы Борбор Азия интеграциясынын саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык аспектилери” аттуу салттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Эл аралык конференцияга Борбор Азия аймагына байланыштуу изилдөөлөрдү жүргүзүп жаткан жергиликтүү жана чет өлкөлүк окумуштуулар, эл аралык уюмдардын адистери, эксперттер, изилдөөчүлөр жана студенттер катышты. Айрыкча Кыргыстан, Казакстан жана Тажикстандан алдыңкы окумуштуулар, эксперттер жана адистер конок катары чакырылды. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы илим изилдөө институтунун директору, доктор Самаган Мырзаибраимов барып, «Мавераннахр ислам маданиятынын Борбор Азия элдеринин диний жашоосундагы ролу» (Роль исламской культуры Мавераннахра в религиозной жизни народов Центральной Азии) аттуу докладын окуду.

Иш-чаранын негизги максаты — Борбор Азия мамлекеттеринин ортосунда ишенимдүү кызматташтыкты бекемдөө, аймактагы интеграция процесстерин терең талдоо, ошондой эле саясий ишенимге, экономикалык кызыкчылыктарга жана маданий жакындыкка негизделген туруктуу интеграция моделин өркүндөтүүгө багытталган практикалык сунуштар менен жыйынтыктарды иштеп чыгуу болуп белгиленди.

Конференциянын алкагында Борбор Азиядагы региондошуунун заманбап тенденцияларынын саясий-экономикалык аспектилери, интеграция процесстеринин маданий-гуманитардык маселелери, заманбап мамлекеттүүлүктүн өнүгүшүнүн социалдык-тарыхый факторлору, мамлекеттердин дүйнөлүк коомчулукка интеграцияланышынын көйгөйлөрү жана келечеги, ошондой эле Өзбекстандын Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу багытындагы байланыштары боюнча секциялар иш алып барды. Адистер тарабынан Жаңы Борбор Азия интеграциясынын саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык аспектилерине арналган 100дөн ашык илимий макалалар жана изилдөөлөр талкууланды.

Конференциянын жыйынтыгында аймакта саясий ишенимди бекемдөө, экономикалык кызматташууну өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле регионалдык интеграцияны тереңдетүүгө багытталган жыйынтыктоочу сунуштар иштелип чыкты.