Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 10-сентябрь күнү Бишкек шаарындагы «Шератон» мейманканасында ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын жыйынынын алдындагы Фатва Кеңешинин координациялык жумушчу тобунун офлайн отуруму өттү. Отурумда «Исламда үммөт биримдиги» маселеси жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн Дин башкармалыктарынын кароосундагы фатвалар талкууланды. Ошондой эле ТМУ Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VII жыйынында каралчу маселелер сунушталып, тематикалар талкууланды. Кеңешмеге Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын диний башкармалыктарынын фатва адистери жана диний аалымдары катышып, пикирлерин ортого салышты.
Буга чейин ушул багытта бир нече жолу онлайн жана офлайн форматта жыйындар өткөрүлүп, түрк дүйнөсү үчүн бирдиктүү фатвалар даярдалган.
Кезектеги отурумга ТМУнун Башкы катчысынын орун басары Мирвохид Азимов, ТМУнун Долбоорлор боюнча директору Харун Нуруллах Танзи, Азербайжандан; диний башкармасынын төрагасынын орун басары Алиярлы Рашад, диний башкармасынын төрагасынын орун басары Жейхун Рустамов, фатва адиси Валех Насиров, Казакстандан; диний башкармалыктын шарият жана фатва бөлүмүнүн башчысы, наиб муфтий Сансызбай ажы Шоканов, муфтияттын аппарат башчысы Гылымбек Межиев, Казакстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин катчысы Батыржан Мансуров, Шарият жана фатва бөлүмүнүн адистери Бауржан Абдуали жана Медер Курсаков, Өзбекстандан; Дин Башкармалыгынын Фатва борборунун жетекчисинин орун басары Гуломиддин Холбоев, Дин Башкармалыгынын эл аралык бөлүмдүн жетекчиси, протоколдук кызматынын адиси Шовкат Хамдамов, Дин Башкармалыгынын Фатва борборунун адиси Хикматуллох Тоштемиров, Түркиядан; Түркия Диянет Башкармалыгынын Аалымдар Кеңешинин төрагасынын орун басары, профессор Фатих Мехмед Айдын, Евразия өлкөлөрү боюнча бөлүм башчысы Салих Гөр катышса, Кыргызстан тараптан ТМУга мүчө өлкөлөрдүн Дин башкармалыктарынын фатва кеңешинин КМДБдагы өкүлдөрү, муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев жана аталган кеңештин Кыргызстандагы координатору Акылбек ажы Халбеков, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Абдулла ажы Асыранкулов, Мухаммад ажы Аноркулов, Жеңишбек ажы Курбанов, Эмилбек Андартегин, КМДБнын фатва бөлүмүнүн адистери Акылбек Тагаев жана Абубакир ажы Марат уулу катышты.
Белгилей кетсек, 11-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйыны жана «Сиражуддин ал-Оший жана анын ислам илимдерине кошкон салымы» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт.