Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
11-сентябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйыны — ыйман, биримдик жана боордоштук байланышты чыңдаган тарыхый саамалык. Бул ири жыйында Казакстан, Өзбекстан, Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын Азирети Муфтийлери чогулуп, руханий өнүгүү, биримдик жана келечек муундарга калчу баалуулуктарды талкуулашат.
Учурда жыйынга жогорку деңгээлде даярдыктар көрүлүп, зал жасалгасы, техникалык камсыздоо, маалыматтык чагылдыруу жана меймандарды салтанаттуу кабыл алуу кылдат пландалууда.