Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана “Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү Тартибин” ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында Умра сапарын уюштуруу менен алектенген 29 туристтик умра компаниялары тиешелүү аккредитациядан өткөрүлүп, умра сапарын уюштурууга укук алышкан.
2025-жылдын 1-октябрына чейин аккредитациядан өтүү үчүн мөөнөт берилип, 1-октябрдан тартып мыйзамсыз Умра зыяратын уюштуруу менен алектенген туристтик компанияларга жеринен (интернет тармагындагы жарнамаларды жана аэропорттордо) аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө. Аккредитациядан өткөрүлбөгөн Умра компаниялар аныкталса Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 142-беренесинин негизинде тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертебиз.
Эскертүү: Умра зыяратын аткарууну каалаган жарандарга умра зыяратын аткарууда үзгүлтүккө учурап, алданып калбоо, ар кандай ыңгайсыз абалга кабылып калбоо үчүн тиешелүү аккредитациядан өткөн компаниялар аркылуу гана Умра сапарына баруу керектигин белгилейбиз.