«Акыйкатта, кыйынчылыктын артынан жеңилдик келет. Аныгында, кыйынчылыкты улай жеңилдик келет» (Инширах, 5-6.)
Общество | 23.01.2026
  • |

Жалал-Абадда кызматтык унаалардын техникалык абалы текшерилди

КМ АКтын алдындагы Борбордук текшерүү комиссиясы КМДБнын Жалал-Абад облусу боюнча өкүлчүлүгүндө болуп, кызматтык унаалардын техникалык абалын текшерди. Иш-чарага комиссиянын төрагасы Бакытбек ажы Нурдинов жана КМДБнын бухгалтер-кассири Султанбек ажы Момунов катышты.

Текшерүүнүн алкагында облус аймагындагы райондук баш имам-хатибдерге жана Азирети Муфтийдин облустагы өкүлүнө берилген кызматтык автоунаалардын абалы, колдонуу тартиби жана жүрүү чакырымы (пробег) каралды. Жалал-Абад облусуна жалпы 9 кызматтык унаа берилип, анын 8и райондук баш имам-хатибдерге, 1и КМДБнын өкүлүнө бекитилген.
Комиссиянын корутундусуна ылайык, унаалар негизинен кызматтык максатта колдонулуп жатканы менен, айрым автоунаалардын жүрүү чакырымы нормадан ашкан учурлар катталган. Ушуга байланыштуу комиссия айрым баш имам-хатибдерге кызматтык унааларды пайдалануу тартиби боюнча эскертүү берди.

Комиссия төрагасы Бакытбек ажы Нурдинов кызматтык унаалар диний кызматты сапаттуу жүргүзүү үчүн берилгенин белгилеп, аларды жеке иштерге колдонууга жол берилбесин жана ар бир унаа аманат катары кабыл алынышы керектигин эскертти. Анын айтымында, мындай текшерүүлөр мындан ары да өлкө боюнча туруктуу негизде, ар алты ай сайын өткөрүлүп турат.

Иш-чаранын жүрүшүндө кызматтык унаалардын баркын билүү, техникалык абалын сактоо жана жоопкерчилик менен колдонуу маселеси да көтөрүлүп, мурунку жылдары мындай шарттар болбогону, азыркы мүмкүнчүлүк чоң ишеним экендиги айтылды.