“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Муфтият | 24.06.2026
  • |

ЗЕКЕТ ЭМНЕДЕН БЕРИЛЕТ?

ЗЕКЕТКЕ ТААНДЫК МАЛ-МҮЛКТӨР ЖАНА АЛАРДЫН ТҮРЛӨРҮ

Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...

Кураны Каримде зекеттери бериле турган мал-мүлк түрлөрү жана өлчөмдөрү тууралуу жалпы ачыктоочу маалымат берилген эмес. Бул маселе пайгамбарыбыз Мухаммеддин (с.а.в.) хадистеринде айтылат. Өлчөмдөр ислам укугу китептеринде жана диний эмгектерде негизинен төмөнкү ыраат боюнча берилет.

1.    Алтын жана күмүш

Азирети пайгамбар алтындын зекет өлчөмүн 20 мыскал, күмүштүкүн 200 дирхам деп белгилеген. Булардан бериле турган зекеттин пайызын 1/40 (2.5%) деп көрсөтүп кеткен... Бирок, ислам аалымдары 20 мыскал алтын жана 200 дирхам күмүштү (грамм менен) салмактап эсептөө менен ачыгыраак жана жеңилирээк жолун көрсөтүп беришкен. Ошондо 20 мыскал алтын = 80,18 граммга (толук 85 грамм дегендер да бар), а 200 дирхам күмүш = 561,2 граммга (595 грамм дегендер да бар) барабар. Мына ушул чектен аз алтын-күмүшкө ээ болгон адамдар зекет берүүгө милдеттүү эмес. 

Кээ бир булактарга караганда, исламдын алгачкы доорлорунда 20 мыскал алтын менен 200 дирхам күмүш нарк жагынан бирдей болгону айтылат. Бирок, учурубузда күмүшкө караганда алтын нарктуу болгону үчүн, мал-мүлктүн нисабы өлчөнүп жатканда алтын менен эсептелет. Эгерде нисап өлчөмүнөн көп күмүшкө ээ болгондор болсо, күмүш нисабы менен эле эсептеп беришет.        

2.    Монета жана кагаз акча

Укук/фикх мазхабдарынын түптөлүү учурунда банкноттор же кагаз акчалар колдонулбаганы үчүн кагаз акчага байланыштуу эч кандай өкүмдөр жөнүндө сөз болбойт. Белгилүү болгондой, кийинчерээк гана алтындын ордун кагаз акча алмаштырды. Бул жагынан алып караганда, алтын жана күмүштө болгондой эле, кагаз акчада да кедей-кембагалдардын акысы бар жана бул акылар зекет катары берилиши зарыл дегенди туюнтат. Себеби, азыркы учурда монеталар же кагаз акчалар да алтын-күмүш жана соода-сатык каражаты катары күчкө ээ.

Мына ушул жагдайга көңүл бурган ислам аалымдары адамдын карызынан сырткары 80,18 (же 85) грамм алтын же болбосо 561,2 (же 595) грамм күмүштүн наркындагы (накталай) акчага ээ болсо, жыл соңунда 1/40 (2.5%) бөлүгүн зекет катары бериши шарт деген өкүмдү киргизишкен.

3.    Алтын жана күмүштөн жасалган асем буюмдар

Алтын жана күмүштөн жасалган асем буюмдардан (нисап чегине жеткен баада болсо) зекет берилерин айткандар сүйүктүү пайгамбарыбыздан келген бир канча риваятты негиз тутушат. Хадистердин айрымдарында төмөнкүдөй айтылат: Бир аял кызы менен бирге пайгамбарыбызга келет. Кызынын колунда жоон жуп алтын билериктер бар эле. Расулалла ага: «Мунун зекетин берип жатасыңбы?», – деп сураганда, апасы «Жоок» – деп жооп берди. Анда пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Кыямат күнүндө Алла Тааланын мунун ордуна от билерик тагышы сага жагат бекен?» – деп айтары менен аял дароо ошол эки билерикти чыгарып, пайгамбарыбызга узатты жана мындай деди: «Экөө тең Улуу жана Теңдешкис болгон Аллага жана анын Элчисине таандык» (Абу Дауд. Зекат, 4; Насаи. Зекат, 19).  

Башка риваяттарда да Абдуллах бин Шаддаад бин аль-Хадид мындай дейт: Пайгамбарыбыздын жубайы Аз.Аишанын алдына кирдик. Аз.Аиша мындай деди: «Расулалла жаныма келди. Манжаларымда чоң-чоң шакектерди көрөр замат, «Бул эмне, Аиша?» деп сурады. Мен жооп кылып, «Аларды сен үчүн жасанайын деп тактым, эй Расулалла!» – дедим. Расулалла: «Алардын зекетин берип жатасыңбы?» – деп сурады. Мен, «Жоок, бере элекмин», – деп айтарым менен, «Бул сенин отко кирүүң үчүн жетиштүү!» – деп айтты» (Абу Дауд. Зекат, 4).

Жыйынтыктап айтсак, алтын жана күмүштөн башка зыйнат буюмдарынан (соода-сатык мүнөздө болбогон учурда) зекет талап кылынбайт. Ал эми, алтын-күмүштөн жасалган кымбат баалуу буюм-тайымдар 80,18 (же 85) грамм же андан оор салмакта болсо, ошол асем жасалгаларга ээлик кылган күндөн толук бир жыл өткөндө зекет берүү шарт болот. 

4.    Майда жана ири малдар

Улуу Алла Куранда адамдарга баш ийдирген жаныбарлардын бир канча пайдаларын эсептеген. Жылынуу, этинен тоюнуу жана улоо катары колдонулушу (Нахл, 16/5-7) менен бирге, таза жана сиңимдүү сүттөрүнүн керектелиши (Нахл, 16/66), терисинен төшөнчү, жүнүнөн жана кылынан кийим-кече, буюм-тайым өңдүү турмуштук керектөөлөрдө (Нахл, 16/80) пайдаланылышы ж.б. Дегеле үй жаныбарларынын адам жашоосу үчүн айтып болгус орду бар. Аяттарда айбанаттардын мындан башка да көптөгөн пайдаларынын бар экени эскертилип, пенденин шүгүр кылышы керектигине басым жасалат (Ясин, 36/71-73).

Шек-күмөнсүз кылынышы керек болгон бул шүгүр эң биринчи зекет берүү менен ишке ашат. Ушул себептүү пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадистеринде мындай малдарга ээ болуп да, зекетин бербегендерге дүйнө жана акырет азабын эскертип, кайсы түрдөгү малдардын зекетке таандык болгонун жана алардан канча зекет берилерин көрсөткөн.

Темага байланыштуу хадистерге жана сахабалардын амалдарына карап, төөнүн, бодо малдын жана кой-эчкинин зекетке таандык экенин көрөбүз. Төөнүн нисабы 5, кой-эчкиники 40 болсо, бодо малдыкы 30 баш болуп эсептелгени белгилүү (Ибн Маажа. Зекат, 11, 12, 13; Абу Дауд. Зекат, 5). Демек, зекетке тиешелүү болгон жогорку үй жаныбарлары негизги муктаждыктан көп болуп, нисап чегине жеткен болсо, так ошол жеткен күнүнөн толук бир жыл өткөндөн соң зекеттери берилиши шарт. 

Бирок, аталган малдардын зекетке ылайык болушу үчүн жылдын көп бөлүгүн оттоо менен өткөрүүлөрү, атайын багылууда болбошу, (негизги муктаждыктарда болбошу, тагыраагы) талаа же улоолук иштерде пайдаланылбашы керек. 

5.    Соода-сатык мүлктөрү 

Кураны Каримдин,
يَٓا اَيُّهَا الَّذ۪ينَ اٰمَنُٓوا اَنْفِقُوا مِنْ طَيِّبَاتِ مَا كَسَبْتُمْ وَمِمَّٓا اَخْرَجْنَا لَكُمْ مِنَ الْاَرْضِۖ وَلَا تَيَمَّمُوا الْخَب۪يثَ مِنْهُ تُنْفِقُونَ وَلَسْتُمْ بِاٰخِذ۪يهِ اِلَّٓا اَنْ تُغْمِضُوا ف۪يهِۜ وَاعْلَمُٓوا اَنَّ اللّٰهَ غَنِيٌّ حَم۪يدٌ
«Оо, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапкан-ташыганыңардан жана Биз силерге жерден чыгарып берген нерселерден (Алла жолунда) сарптагыла...» (Бакара, 2/267) аятында айтылган «Тапкан-ташыганыңардан жана силерге жерден чыгарып берген нерселерден...» деген ибааранын ичинде адал жолдор аркылуу соода-сатыктан тапкан байлыктан зекет бергиле деген маани жатат. Куттуу хадистердин биринде пайгамбарыбыз (с.а.в.) колунда соода-сатык малы бар кишилердин зекет берүүгө буйрулганын ачык айткан (Абу Дауд. Зекат, 3).

Ислам аалымдары жогоруда маанилери берилген аяты-карима жана хадиси-шарифти негиз тутуп, соода мүлктөрүнүн зекетке таандык болгонун жана зекетинин чыгарылышы кериктигин айтышкан. Сатууга жарамдуу ар кандай нерсе «соода-сатык мүлкү» деп мүнөздөлөт.

Соода мүлкү 80,18 (же 85) грамм алтын наркында же болбосо андан көп болгон учурда жана үстүнөн бир жыл өткөн убакта зекетке таандык болуп калат. Соода товарынын зекеттери берилип жатканда карыздар түшүрүлөт, жыл соңунда ээлик кылынган мал-мүлктүн жалпы баасы эсептелет. Мына ошол жалпы баадан акчалай түрдө же өзүнөн 1/40 (2.5%) зекет берилет.

6.    Талаа түшүмдөрү

Кураны Каримдин «...жана Биз силерге жерден чыгарып берген нерселерден Алла жолунда сарптагыла...» (Бакара, 2/267) – деген маанидеги аятын негиз алган ислам аалымдары талаа түшүмдөрүнөн да мал-мүлктүк жоопкерчиликтин пайда болорун, мунун үшүр (зекет) экенин белгилешкен.
وَهُوَ الَّـذ۪ٓي اَنْشَاَ جَنَّاتٍ مَعْرُوشَاتٍ وَغَيْرَ مَعْرُوشَاتٍ وَالنَّخْلَ وَالزَّرْعَ مُخْتَلِفاً اُكُلُهُ وَالزَّيْتُونَ وَالرُّمَّانَ مُتَشَابِهاً وَغَيْرَ مُتَشَابِهٍۜ كُلُوا مِنْ ثَمَرِه۪ٓ اِذَٓا اَثْمَرَ وَاٰتُوا حَقَّهُ يَوْمَ حَصَادِه۪ۘ وَلَا تُسْرِفُواۜ اِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْمُسْرِف۪ينَۙ
«Ал жөнөтүлгөн жана жөнөтүлбөгөн бактарды, курма дарактарын, түрдүү даамдары бар эгиндерди, зайтунду жана анарды, окшош (жалбырактарды) жана окшош эмес (даамдарды) өстүргөн. Качан алар түшүм бергенде (алардан) жегиле. Бирок, түшүм жыйноо учурунда анын бөлүгүнөн алууга акысы барларга бергиле. Ысырап кылбагыла. Ал ысырап кылуучуларды сүйбөйт» (Анъам, 6/141) аяты-каримасында талаа түшүмдөрүнүн зекетинин берилишин буйрук кылууда. 

Сүйүктүү пайгамбарыбыз (с.а.в.) болсо, «Жамгыр жана дарыя суулары менен сугарылган же өзүн-өзү суу менен камсыздай алган түшүмдөрдөрдүн ондон бир бөлүгү (1/10), атайын улоолор же ташуу жолу менен сугарылган жерлерден (өндүрүлгөн түшүмдөр жана жер-жемиштер үчүн) жыйырмадан бир бөлүгү (1/20) зекетке таандык» (Бухари. Зекат, 55) – деп, жерден өндүрүлгөн түшүмдөрдүн да зекети бар экенин гана айтпай, алардын пайыздык катышынан бери көрсөтүп кеткен.

Ислам аалымдары да талаа түшүмдөрүнүн зекетин деталдарына чейин тыкыр карашкан. Булардан берилчү зекет маселеси жердин сугарылуу технологиясына жана ыкмаларына карата айырмаланат. Айрыкча, талаа түшүмдөрүнүн зекетке ылайык болушу үчүн, нисап өлчөмү пайгамбарыбыз тарабынан (с.а.в.) айтылып, «беш васктан (салмак бирдиги) аз (түшүмдө) зекет жок» (Бухари. Зекат ,4) – деген хадисинде белгиленген. Хадисте айтылган «беш васк» бүгүнкү салмак бирдиктери менен туюнтканда (буудай менен) 653 кг. туура келет. Имам Абу Ханифанын пикиринде, талаа түшүмдөрүнөн нисап чеги каралбайт, аз болсо да, көп болсо да берилиши керек.

Жер-жемиш жана талаа түшүмдөрүнүн зекетин берүүдө, аларды өстүрүү үчүн коротулган күйүүчү май, жер семирткичтер, жумушчулар сыяктуу чыгашалар эске алынат. Демек, түшүмдөрдүн зекети берилип жатканда, жыйналган жер-жемиш жана эгиндин өндүрүлүшү үчүн коротулган кошумча каражаттар чыгарылып, таза пайданын өзүнөн берилиши маанилүү. Табигый жолдор аркылуу суу менен камсыз болгон эгин-тегин, жер-жемиш жана түшүмдөрдөн ондон бири (1/10), ал эми, эмгек көп талап кылынган тамчылатып сугаруу, төмөндөн сордурулуп алып (мис., кудуктан) же атайын аппараттардын жардамы менен сугарылса, анда жыйырмадан бир бөлүгү (1/20) зекет катары берилет. 

7.    Бал 

Кураны Каримде бал аарысына тоолордон, дарактардан жана инсандар жасаган чатырлардан өзүнө үй куруп, андан соң түрдүү гүлдөр жана жемиштерден тамактанып, түрдүү түстөрдө бал жасоого илхам этилгени баяндалат. Балдын адамдар үчүн шыпаа булагы болгону да көңүл бурдурат (Нахл, 16/68-69). Бул себептүү жогорку аяттар орун алган сүрөгө да «ары» маанисине келген ан-Нахл сүрөсү деп аталат. Кээ бир аалымдар бул сүрөгө ниматтар маанисине келген ан-Ниам сүрөсү деп да айтыларын белгилешет.

Кураны Каримде адамдар үчүн баасы баса белгиленген (аары жасаган) балдын зекетке таандык болуп-болбогондугу талаштуу маселе болуп саналат. Балдан зекет берилиши керек деген аалымдар, сүйүктүү пайгамбарыбыздын (с.а.в.) бал өндүргөн бир сахабасына, «Балда ар он өлчөмдө (челекте) бир өлчөм (челек) зекет бар» (Тирмизи. Зекат, 9) – деп, 1/10 зекет катары беришин буйруган хадисти далил кылышат. Ошондой эле, Азирети Умардын да ушул хадиске амал кылгандыгын кошумчалашат (Абу Убайд. Китабул-Амваал, 444-б., № 1492).

Аалымдар бал зекетинин берилишин төмөнкүдөй акыл калчоо менен чечмелешет. Бал талаа өсүмдүгү болгон гүлдөн жасалат. А топурак түшүмдөрү зекеттик өзгөчөлүккө ээ. Демек, балдын да зекети берилиши керек. Ал эми, балдан зекет берилбешин айткандар болсо, балды сүткө салыштырып, сүттүн зекетке тиешеси болбогондой эле, балдын да зекетинин берилиши шарт эмес деп эсептешет. 

Жыйынтыктай турган болсок, аят жана хадистерди жалпылап алып караганда, балдан 1/10 бөлүгүнөн зекет чыгаруу милдеттүүлүк эмес. Бирок, зекетке таандык башка пайдалардын өкүмүндөй эле, нисап чегине жеткенден бир жылдан соң, 1/40 бөлүгүн зекет кылуу шарт.

8.    Кен-байлыктар

Жер алдында сакталган нерселер; казына, кенч, байлыктар болуп саналат. Ал эми, кен-байлык дегенде алтын, күмүш, жез сыяктуу тоо тектеринен бөлүнүп алынган баалуу металдарды түшүнөбүз.

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадистеринде кенден 1/5 пайыз зекет берилерин айткан (Муслим. Худуд, 45). Азирети Умар жана Азирети Али да бул хадиске ылайык иш жүргүзүп, кен-байлык иштеткендерден жалпы пайданын бештен бир бөлүгүн зекет катары алганы белгилүү (Абу Убайд. Китабул-Амваал, 310-б., № 868, 873,874).

Кыскача айтканда, зекеттик өзгөчөлүгү болгон металдар үчкө бөлүнөт: Отто (жогорку температурада) эригендер: Булардын 1/5 и (же 20 %) зекет кылынат. Отто эрибеген же суюктук абалында болгон нерселерден зекет берилбейт. Бирок, күйүүчү май өңдүү суюк кен-байлык түрлөрүн иштеткендер, нак пайданын нисап чеги толгондо зекет берет. 

9.    Деңиз азык-түлүктөрү

Деңиз же суу азык-түлүктөрүнөн зекет берилип-берилбеши маселесинде да түрдүү пикирлер бар. Бир пикирге караганда, деңизден өндүрүлгөн амбрадан (жыпар жыттар/ порфюмериялык каражат) зекет алынбай тургандыгы белгиленген (Байхаки. Сунанул-Кубра, IV, 248, хадис № 7686). Ал эми, башка пикирде бештен бир (1/5) бөлүгү зекет кылынышы керек деп айтылган (Сарахси. Аль-Мабсут, II, 348).

Айрыкча, Азирети Умардын амбра баш болгон деңизден алынган бүтүндөй баалуу нерселердин 1/5 инин зекет берилишин буйруганы (Абу Юсуф. Аль-Хараж, 76), Умар бин Абдулазиздин деңизден алган балыктардын баасынын күмүш нисабына жеткен учурда зекет алынсын деп көрсөтмө бергени айтылат (Абу Убайд. Китабул-Амваал, 441, № 891).

Кезегинде деңизден өндүрүлгөн азык-түлүктөр көп өнүкпөгөнү үчүн көпчүлүк аалымдар деңиз түшүмдөрүнүн зекетке таандык болбогонун айтышат. А Абу Юсуф болсо, деңизден чыгарылган бермет, маржан өңдүү кымбат баалуу таштар менен жыпар-жыттуу каражаттардын 1/5 инен зекет берилиши керектигин айткан. Бүгүнкү күндө деңиз азык-түлүктөрү маанилүү каражат жана тамак-аш булагына айланып, соода-сатыкта да кеңири мааниге ээ болгон үчүн нисап чегине жана мөөнөтүнө жеткен учурда, зекети берилиши керек.

10.    Пайда алып келүүчү өнөр жай, өндүрүш, курулуш жана транспорт каражаттары               

Зекетке таандык болгон мал-мүлктүн бир бөлүгү, анын өзү жана пайдалары менен каралса, башка бир бөлүгү пайда алып келүүчүлүгү менен гана каралат. Булардын да нисап чегине жетүү жана бир жыл толуу шарттарынан соң, пайданын 2,5 % зекет катары берүү керек.

Өнөр жай (же өнөр жай индустриясын)да пайдаланылган тетиктер, аппаратуралар, машиналар усталар колдонгон курал-жарактарга салыштырылып, зекетке таандык деп мүнөздөлөт. Бул нерселерден пайда келгени үчүн, ошол нак пайданын нисап чегине жетип, бир жылы толгондон соң зекет берилиши керек.

Ислам аалымдары бул маселенин төркүнүн чечмелөөдө адамдын негизги муктаждыктарын жана мал-мүлктүн көбөйүүчүлүк касиетине ээ болуп-болбогонуна көңүл бурган. Демек, негизги муктаждык катары эсептелген турак-жай, улоолор жана усталар колдончу шаймандар жана материалдар зекетке таандык эмес. Бирок, негизги муктаждыктан көп же артуучулук касиетке ээ болуп, пайда алып келген жайлардын (арендага берилген же башка учурда) киреше киргизген жабдыктардан, аппараттардан ж.б. түшкөн пайдалары зекетке таандык болот. Ошондой эле, жабдыктар жана курулуш сыяктуу соода-сатык (бизнес) максатында алып-сатылган же болбосо базарга чыгарылган мүлктөр болсо, анда алардын өздөрү менен бирге түшкөн пайдалары да зекеттик өзгөчөлүккө ээ болот деп белгилешкен аалымдар.

Демек, арендадан түшкөн пайдалардан да зекет берилет. Тактап айтканда,  зекетке тиешелүү болгон мүлктөр жана алардан түшкөн пайдалары менен кошо (негизги муктаждыктар жана карыздар чыгарылгандан соң), нисап чегине (80,18 же 85 грамм алтын же анын баасы) жетиши жана бир жыл толушу менен кырктан бири (1/40) зекет катары берилет.   

11.    Айлык акы, кызмат акы жана башка пайдалар
Эмгек жана кылган кызматы үчүн алынган айлык акы, эмгек акы же болбосо шыктуулук, билим жана кесиптин аркасында табылган акча да пайда булагы болуп эсептелет. Демек, кызматкерлердин жана жумушчулардын акылары; врач, инженер, тигүүчү, чач тарач сыяктуу коомдук же жеке ишкерлик менен алек болгон адамдардын тапкан пайдалары да нисап чегине жетип, бир жыл өтсө, 1/40 бөлүгү зекет берилет. 

Жалпылап айтканда, айлык акы же башка (адал) жолдор менен табылган пайдалар да башка пайдалар менен бирге (нисап чегине жеткенден жана бир жылдык мөөнөттөн соң) 1/40 бөлүгү зекет кылынат.
        
12.    Акциялар 
Акция – бир компаниядагы кармоочунун (акционердин) кандайдыр бир үлүшүн ырастоочу документ. Бул акционердин компания алып келген пайдага ортоктош болот деген сөз. Компанияга пайда түшүп турганда, акционерлерге да пайда түшүп турат. Муну экономикада дивиденд (пайда үлүшү) деп коюшат. 

Акциялар баалуу кагаз болгону жана андан пайда түшкөнү үчүн зекетке таандык болуп саналат. Бул жагынан алып караганда, нисап чеги толсо жана бир жыл өтсө (базар баасына ылайык), кырктан бир бөлүгү (1/40) зекет кылынат. 

13.    Аласалар (карыздар)

Нисап чегине жеткен аласалар зекетке таандык болуп-болбоо маселеси кубаттуу, орто жана алсыз болуп үчкө бөлүнөт. Кайтарып берүү ыктымалдуулугу орто же төмөн болсо, карыздын өткөн жылкы зекеттеринин берилиши шарт эмес. Эгер карыз кайтарылып берилсе, ээси бул жылдыктын гана зекетин берет. Карыз алган адамдын алган акчаны же мал-мүлктү кайтарып берүү ыктымалдуулугу жогору болсо, муну карыздар тарап ачык-айкын бышыктаса, анда ээси карыздагы акчасынын же мүлкүнүн ар жылдык зекетин берип турат. Эгерде зекети берилбеген болсо, акчасы кайтарылып берилген күнү дароо өткөн жылдардагы зекеттерин берет.    
 

Которуп даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси
Текшерген: Жоробай ажы Шергазиев, КМДБнын аппарат жетекчиси