"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Аймактар | 11.05.2026
  • |

Кадамжайда медресе мугалимине унаа белек кылышты

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылында жайгашкан “Ак Эшан ата” медресесинин окутуучусу Жоробек Жарматовго медресе жамааты жана жергиликтүү тургундар тарабынан жеңил автоунаа белекке берилди.

Бул саамалык май айындагы эс алуу күндөрү уюштурулуп, ислам илимин жайылтууга салымын кошуп келе жаткан окутуучунун эмгегин баалоо жана ага колдоо көрсөтүү максатында уюштурулду. Аймактык диний өкүлчүлүктөн билдиришинче, медресенин мугалимдер жамааты менен катар жергиликтүү тургундар өз салымдарын кошуп окутуучуну темир тулпарлуу кылышкан.

“Ак Эшан ата” медресесинин жетекчиси Ислам ажы Закиров мындай иш-чаралар устаздарга болгон урмат-сыйдын жана жамаат арасындагы ынтымактын белгиси экенин белгиледи. «Бүгүнкү күндө жаш муунга ислам илимин үйрөтүп жаткан устаздарыбызды колдоо — өтө маанилүү жана сооптуу иш. Мындай саамалыктар эмгек жамаатынын биримдигин чыңдап, коомго да жакшы үлгү болот», – деди ал.

Жоробек Жарматов 2022-жылдан бери “Ак Эшан ата” медресесинде үзүрлүү эмгектенип, студенттерге диний билим берип келе жатат.

Окутуучуга көрсөтүлгөн мындай сый-урмат анын мындан аркы ишмердүүлүгүнө дем берип, диний билим берүү тармагында дагы да шыктандырары шексиз.