"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бүгүн, 8-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жергиликтүү тургундардын аракети менен курулган «Имам Аъзам» атындагы медресенин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган аалымдар катышып, жалпы жамаатты илим ордолуу болушу менен куттукташты.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров сөз сүйлөп, ислам дининдеги илим-билимдин орду зор экенин белгилеп, жаңы медресе келечекте билимдүү, адептүү жана ыймандуу муундарды тарбиялоого кызмат кыларына тилектештигин айтты. Ошондой эле бул медресе элдин ынтымагы жана колдоосу менен тургузулган берекелүү жай экенин билдирип, анын аймактагы диний маданияттын өнүгүшүнө чоң салым кошорун билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө медресенин курулушуна жишердүү катышкан жана материалдык жактан колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө муфтияттын Ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
Ачылыштан соң Азирети Муфтий баштаган аалымдар медресенин ички көрүнүшү, окуу канаалары, жатаканасы жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгышты.
Айта кетсек, аталган медресенин курулушу дээрлик 30 жылга созулуп, жергиликтүү тургундардын өз мүмкүнчүлүгү менен бүткөрүлгөн.