Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Коом | 31.05.2025
  • |

Ажылык сапарынын эң жоопкерчиликтүү этабы – Мина, Арафат жана Муздалифага көчүү алдында ажы башчыларга жыйын өттү

Бүгүн, 31-май күнү Мекке шаарында 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабы жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсуповдун катышуусунда ажы башчыларга атайын жыйын өткөрүлдү. Жыйында ажылык сапарынын эң маанилүү этабы жакындап калгандыктан, шариаттык жоопкерчилик жана коопсуздук эрежелери боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Муну менен катар жыйында ажылык ибадатынын урунттуу күндөрү – Зул-хижжа айынын 8инен 13үнө чейин болгон мезгилде Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүндө аткарыла турган амалдарга жогорку даярдык көрүү, бул күндөрдө мусулман пендеси Пайгамбарыбыз (с.а.в.) көрсөткөн жол менен амал кылып, ибадатка толук кириши шарт экендиги айтылды.

Ошондой эле жыйында төмөнкү маселелер каралды:

- Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык министрлиги тарабынан бекитилген расмий көчүү жана Жамаратка таш ыргытуу графигин так сактоо;

- Ар бир ажы башчыга тапшырылган топтогу зыяратчылардын руханий, диний жана практикалык даярдыгына көңүл буруу;

-  Көчүү мезгилинде коопсуздук эрежелерин бекем сактоо жана өз алдынча чечим чыгаруудан алыс болуу;

- Мина, Арафат жана Муздалифада шариатка ылайык амалдарды түшүндүрүү, дубаларды үйрөтүү, такбир жана зикрлерге үндөө;

- Ажылардын ден соолугун көзөмөлдөө;

- Илимий сабактар, диний баяндарды өткөрүп, ажылык боюнча маалымат менен камсыз кылуу.

“Кыргызстандык зыяратчылардын ар бир кадамы – биздин өлкөнүн жүзү. Ажылыктагы ар бир кызматкер өз ишине ыклас менен мамиле кылып, шариатка ылайык иш алып барышы керек. Мындай мүмкүнчүлүк баарына буюрбайт. Демек, бул кызмат – чоң жоопкерчилик жана улуу мүмкүнчүлүк. Штаб кызматкерлери жана ажы башчылар бөлүнгөн милдеттемелерди толук тактык менен аткарып, зыяратчылардын ыраазычылыгы жана коопсуздугу үчүн аракет кылышы керек”, – деп белгиледи Улуттук агенттиктин директору Азамат Юсупов.

Ал эми Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы жана Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев ажы башчылардын жоопкерчилигине токтолуп, ажылык учурунда штаб менен тыгыз кызматташууга чакырды.

“Шариятта жоопкерчилик – кызматтын өзөгү. Ал эми ажылык – бул ибадаттардын эң улуусу. Ар бир ажы – бул аманат. Ажы башчылар өз топторуна толук көңүл буруп, алардын ар бир кадамына шариаттык негизде жетекчилик кылууга милдеттүү. Өз алдынча чечим чыгаруудан алыс болуп, штаб менен ырааттуу иш алып баруу – бул ибадаттын бүтүндүгүн сактоо дегендик. Ал эми Мина, Арафат жана Муздалифа – бул жайгашуу эмес, бул Алла Таала менен болгон өзгөчө байланыштын орду”, – деди Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев.

Кыргызстандык зыяратчылардын ажылык сапары уланууда. Ал эми Мина, Арафат жана Муздалифага көчүү мезгили жакындап калгандыктан, штаб кызматкерлери жана ажы башчылар макулдашылган тартип жана шариаттык эрежелер менен иш алып барууга даярданып жатышат.