“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Мекке шаарына ажылык сапарда жүргөн Кыргызстандыктарга атайын сабактарды өткөрүү уланууда. Зыяратчыларга устаздар Султан ажы Гапуров жана Талантбек ажы Темирбаев сабак өтүп, ажыларга ыйык сапардын амалдары, адеп-ахлагы жана Меккедеги ибадаттардын сооптору тууралуу кеңири баяндашты. Алар өз сөзүндө: “Урматтуу ажылар! Сиздер бактылуу инсансыздар десем болот. Себеби Аллах Таала миңдеген адамдардын ичинен сиздерди тандап, өз үйүнө коноко чакырып отурат. Бул үчүн Аллага чексиз шүгүрлөр болсун” – деди.