«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Мекке шаарына ажылык сапарда жүргөн Кыргызстандыктарга атайын сабактар өткөрүлүүдө. Бүгүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Сауд Араб Падышалыгындагы өкүлү Абдували Акматов өлкөдөн барган зыяратчыларга Адам атанын тарыхы тууралуу айтып берди. Ал өз сөзүндө адамзаттын жаралуу тарыхы дал ушул Мекке шаарында башталгандыгын билдирип, буларга токтолду:
“Мекке жер бетиндеги эң ыйык жер. Мындан ыйык жер жок. Мекке жер бетиндеги эң өзгөчө шаар. Эң биринчи адамзаттын жашоосу дал ушул жерде башталган. Ыйык Куранда дагы Мекке шаарында алгачкы үй дал ушул жерде курулгандыгы так жазылган.”