«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ыйык сапарга аттанат. Бул күндөрдө дүйнөнүн чар тарабынан келген мусулмандар Меккеге жана ыйык жерлерге жол тартып, ажылык ибадатын аткарууга даярдык көрүшөт.
Зыяратчылар үчүн эң маанилүү нерселердин бири – Nusuk картасы (бейжик). Бул картасыз Меккеге жана ыйык жерлерге кирүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле ал негизги кызматтарга жетүүнү камсыз кылат.
Картаны кантип аласыз?
• Ал сизге ажылыкты уюштуруу штабы (ажы башчыңыз) тарабынан берилет.
• Санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү.
Эгер Nusuk картасын жоготуп алсаңыз, анын санарип версиясын колдоносуз жана картаны кайра чыгаруу үчүн ажы башчыңызга кайрыласыз.