«Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү тозок отунан сактагыла» 
(Тахрим сүрөсү, 6-аят)
Общество | 05.05.2026
  • |

Ажылык – 2026: «Нусук» картасы тууралуу

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ыйык сапарга аттанат. Бул күндөрдө дүйнөнүн чар тарабынан келген мусулмандар Меккеге жана ыйык жерлерге жол тартып, ажылык ибадатын аткарууга даярдык көрүшөт.
Зыяратчылар үчүн эң маанилүү нерселердин бири – Nusuk картасы (бейжик). Бул картасыз Меккеге жана ыйык жерлерге кирүүгө мүмкүн эмес. Ошондой эле ал негизги кызматтарга жетүүнү камсыз кылат.

Картаны кантип аласыз?

•    Ал сизге ажылыкты уюштуруу штабы (ажы башчыңыз) тарабынан берилет.
•    Санарип версиясы Nusuk жана Tawakkalna тиркемелеринде жеткиликтүү.

Эгер Nusuk картасын жоготуп алсаңыз, анын санарип версиясын колдоносуз жана картаны кайра чыгаруу үчүн ажы башчыңызга кайрыласыз.