«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Бүгүн, 14-май күнү ордо калаадагы Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде ажылыкка жөнөп жаткан жарандарга кезектеги сабак өтүлдү. Анда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кызматкери Иманбек ажы Азизилла уулу сапардагы жол-жоболор, өкүмдөр жана ажылыктын символикалары тууралуу кенен баяндап берди. Ал ажылык сапар учурундагы аткарылуучу шарттар, тартиптер тууралуу айтып, ажылыкка жөнөп зыяратчылардын суроолоруна жооп берди.
Белгилей кетсек, Кыргызстандан ажылык сапарга аттанган алгачкы топ 10-май күнү Ош шаарынан жөнөп кеткен. Ал эми соңку рейс 19-май күнү Бишкек-Жидда багыты боюнча аткарылат.