«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Казакстандын Маңгыстау облусунда аскердик машыгуу учурунда болгон кайгылуу кырсыктын кесепетинен жоокерлердин каза болгондугуна байланыштуу, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын төрагасы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулуна жана жалпы эле боордош Казакстан калкына көңүл айтты.
Көңүл айтуу тексти:
Кадырлуу Ноорузбай ажы Таган уулу!
Кыргызстан мусулмандарынын, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан Маңгыстау облусунда аскердик машыгуу учурунда болгон кайгылуу кырсыктын кесепетинен жоокерлердин каза болгондугуна байланыштуу Сизге, боордош Казакстан элине, маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Бул оор жоготуу боордош Казакстан элинин гана эмес, жалпы кыргызстандыктардын да жүрөгүн оорутту. Кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон жоокерлердин жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, аларга сабырдуулук жана кайрат тилейбиз.
Алла Таала каза болгон маркумдарды Өзүнүн чексиз ырайымына бөлөп, артында калган ата-энесине, үй-бүлөсүнө, туугандарына жана жалпы Казакстан элине сабыр-жамийл насип этсин.
Касиеттүү Куранда: «Чындыгында, биз Аллага таандыкпыз жана Ага кайтып барабыз» (Бакара сүрөсү, 156-аят) деп айтылат.
Ушул азалуу күндөрдө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы боордош Казакстан элинин кайгысын тең бөлүшөрүн билдирем.
Алла Таала Казакстан жергесин ар кандай кырсыктардан, кайгы-кападан сактап, өлкөгө тынчтык, элге аманчылык берсин. Оомийн.
Терең кайгырып, өз боордошунун аза-кайгысын тең бөлүшкөн,
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров