"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Бүгүн, 15-май күнү Ош шаарынын борбордук "Имам аль-Бухарий – Алай" мечитинин курулушуна мезгил кутусун салуу аземи өткөрүлдү.
Куран окуп, дуба кылуу менен башталган иш-чарага КР Президентине караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин төрагасы Талантбек Ташибеков, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, Ош шаарынын мэри Жанар Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматов, КМАКтын текшерүү комиссиянын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов, Азирети Муфтийдин облус жана шаардагы өкүлдөрү, дин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.
Айта кетсек, борбордук "Имам аль-Бухарий Алай" мечити 2026-жылдын 20-март күнү Орозо айт намазынан кийин буздурула баштаган. Аталган мечит расмий маалыматтарда 1880-жылдары курулган деп айтылса, эл арасында 500 жылдык тарыхы бар деп айтылып келет. Учурда жергиликтүү демөөрчү тарабынан 5000 адамга ылайыкташкан заманбап мечит куруу иштери кызуу жүрүп жатат.