Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Коом | 22.04.2025
  • |

Азирети Муфтийдин орун басары Жалал-Абад облусунда жаңы курулган мечиттердин абалы менен таанышты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Азирети Муфтийинин орун басары Талант ажы Темирбаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында жаңы курулган мечиттерди жеринен көрүп, алардын абалы менен таанышты.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тааныштыруусунда Талант ажы Темирбаев Жалал-Абад шаарынын Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жайгашкан 3000 орундуу “Аалым Мусулманкул ажы” мечитин зыярат кылып, курулуштун сапаты, архитектуралык өзгөчөлүгү жана мечит ичинде түзүлгөн шарттарга жогору баасын берди. Ал өз сөзүндө унаа токтотуучу жайдын маанилүүлүгүн да белгилеп өттү.

Сапардын алкагында Сузак районунун Багыш айыл аймагындагы Сапаровка айылында курулган “Жумаш уулу Жунус” мечити да зыярат кылынды. Облус казысы бул мечиттердин курулушунда демөөрчүлөр жергиликтүү ишкерлер жана мекенчил уул-кыздарыбыз болгондугун баса белгилеп өттү.

Муну менен катар Талант ажы Темирбаев Азирети Муфтий тарабынан коюлган талаптарга токтолуп, аларга ылайык мечит курууда сапат, кооздук жана документ иштеринин тактыгы өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

Облус казысы аталган эки мечиттин тең документ иштери 100% даяр экенин билдирип, учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик тарабынан күбөлүк алуу баскычы күтүлүп жатканын айтты.