Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Ысык-Көл облусунун Каракол жана Балыкчы шаарында 2025-жылы ажылык сапарына баруучу жарандарга сабак уюштурулду. Ажылык амалдары туурасындагы сабакты КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу өттү. Сабакта ажылыктын пазилети, сооптору, парздары, ваажибдери, ихрамдын өкүмдөрү, ихрамга киргенде тыйылган, уруксат берилген иштер жана башка ажылык ибадатынын маселери боюнча маалыматтар берилди.
«Урматтуу ажы аталар, ажы апалар, агалар-эжелер. Сиздерди Алла Таала тандап чакыргандыктан, жүз миңдеген кишилердин арасынан суурулуп чыгып ажылыкка аттанып жатасыздар. Бул кудай жолундагы сапар болгондуктан, абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасаңыздар. Ажылыктагы ар бир шарттар, талаптарга көңүл буруп, чын ниеттен ибадат кылууңуздар керек», – деген Токтогазы уулу шарияттагы ажылык өкүмү боюнча кеңири лекция жасады:
«Ажылыктын парздыгы Курани Карим жана хадистер аркылуу айкын белгиленген. Курани Каримде Алла Таала: «Барууга чамасы жеткен бардык адамга Алла Таала үчүн Кааба үйдү зыярат кылып ажылык милдетин аткаруу парз» деген. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) өзүнүн бир хадисинде айтат: «Алла Таала силерге ажылыкты парз кылды, ажылык ибадатын аткаргыла». Демек, ден соолугу бар жана жол каражатын камсыз кылууга толук чамасы жеткен ар бир мусулмандын өмүрүндө бир жолу ажылык милдетин аткаруусу парз болуп саналат», – деди Бактияр ажы сөз арасында.