Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Үстүбүздөгү жылдын 11-13-апрель күндөрү Баткен облусунун аймагындагы диний окуу жайлар жана мечиттер зыярат кылынып, объектилердин тазалыгы, коопсуздугу жана имамдардын ишмердүүлү текшерүүдөн өткөрүлдү.
Атайын текшерүүгө КМДБ тарабынан комисся түзүлгөн, ал комиссияга Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев, КМДБнын мечиттер-курулуш жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Давран ажы Жунусалиев, облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен казыятынын үгүт, насаат жана мечиттер адиси Махмуд ажы Курбанов жана текшерүү жүргөн район, шаардын баш имам-хатибдери кирген.
Комиссия тазалык, техникалык коопсуздук, жума жана шам баяндары, мечиттин имамдарынын жоопкерчилиги жана намаз убакыттары боюнча өз бааларын беришти. Жыйынтыгында кээ бир имамдарга жана мечиттерге эскертүүлөр берилип, протокол түзүлдү. Түшүндүрүү иштерин алып барып, айтылган кемчиликтерди белгиленген убакытта жоюу талабы айтылды.
Бул иш-чаранын максаты – өлкө боюнча диний обьекттердин техникалык коопсуздугун, тазалык, даараткана шарттары жана имамдардын иш алып баруусун жакшыртып, Кыргызстан мусулмандарына ыңгайлуу шарт түзүү жана акыйкат динди туура жеткирүү болуп саналат.