"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 26.05.2026
  • |

Баткенде облустук куран жарышы болуп өттү

24-май күнү Кызыл-Кыя шаарында облустук Куран жарышы болуп өттү. Иш-чара Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен уюштурулуп, Zam Zam Travel Kyzyl-Kiya ишканасынын демөөрчүлүгүндө Абдуллаев Абдукахор Абдуллаевич жана Абдуллаев Аззамжон Султановичтердин жаркын элесине арналды.

Куран жарышы Кызыл-Кыя шаарындагы “Умар ибн Хаттаб” мечитинде өтүп, Баткен облусунун аймагындагы 30 жашка чейинки карылар арасында 10, 20 жана 30 пара боюнча күч сынашты.

Иш-чарага Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу баштаган дин кызматкерлери, Zam Zam Travel Kyzyl-Kiya ишканасынын өкүлдөрү жана облус аймагындагы белгилүү карылар катышты.

Жарыштын жеңүүчүлөрүнө атайын баалуу белектер — муздаткыч, газ плитасы, кир жуугуч машинасы жана башка үй тиричилик техникалары тапшырылды. Ал эми баш байге катары ыйык Умра сапарына жолдомо коюлду.

Облустук Куран жарышынын жыйынтыгында төмөнкү катышуучулар жеңишке жетишти:

30 пара боюнча:
1-орун — Хабиб Ахматов — Умра сапарына жолдомо
2-орун — Равшан Шерматов — муздаткыч
3-орун — Сиражидин Самиев — кир жуугуч машинасы

20 пара боюнча:
1-орун — Дөөлатбек Курбанов — муздаткыч
2-орун — Умар Юнусов — кир жуугуч машинасы
3-орун — Умарбек Абдусаттаров — газ плитасы

10 пара боюнча:
1-орун — Абдурахим Худайбердиев — кир жуугуч машинасы
2-орун — Фирдаус Мухаммаджанов — газ плитасы
3-орун — Даниел Абдиллаев — чаң соргуч

Иш-чаранын соңунда Азирети Муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү Муратали кары Мамадияр уулу демөөрчүлүк кылган Zam Zam Travel Kyzyl-Kiya ишканасына дин кызматкерлеринин атынан ыраазычылык билдирип, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн атайын ыраазычылык баракчасын тапшырды. Ошондой эле мындан ары да диний тармакты өнүктүрүүдө биргеликте кызматташууга даяр экендигин белгиледи.