Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Коом | 10.05.2025
  • |

Берлин: Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго Куран окулду

Үстүбүздөгү жылдын 9-майында, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата, Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Омурбек Текебаев Берлин шаарында өткөн салтанаттуу эскерүү иш-чараларына катышты. Жеңиш күнүнө арналган бул иш-чаралардын алкагында Советтер Союзунун жоокерлерине арналган эки маанилүү эстеликке – Трептов-парктагы жана Тиргартендеги Советтик жоокерлердин мемориалына гүлчамбарлар коюлду.

Иш-чарага өзгөчө руханий маани берген Кыргыз Республикасынын делегациясынын катышуусу болду. Делегация курамына Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин төрагасы Азамат Юсупов, Кыргызстандын Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, ошондой эле Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев кирди.

Эскерүү иш-чарасынын алкагында Кыргыз Республикасынын дин өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык жоокерлерди, ошондой эле эркиндик жана тынчтык үчүн күрөшүп өз өмүрүн берген бардык адамдарды эскерип, Куран окуу менен дуба кылышты. Бул руханий аракет жалпы тарыхый эскерүүгө болгон терең урматты жана Советтер Союзунун мурдагы республикаларынын, анын ичинде Борбордук Азия мамлекеттери жана Азербайжандын элдеринин руханий биримдигин туюнткан терең символикалуу көрүнүш болду.

Иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн жана башка мамлекеттердин элчилери, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, жарандык коомдун мүчөлөрү катышты. Катышуучулар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлерди бир мүнөт эскерип, эстеликтерге гүлчамбар коюшту. Бул мемориалдар Советтер Союзунун элдеринин нацизмге каршы күрөшүндөгү баатырдыкты жана жан аябастыгын даңазалайт.

Белгилей кетүүчү жагдай, 9-майда Берлинде өткөн салтанаттуу иш-чаралар Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чаралардын акыркы этабы болду, алар Россия Федерациясынын Германиядагы Элчилиги менен биргеликте уюштурулган. Буга чейин апрель жана май айларында Кыргызстандын Германиядагы Элчилигинин өкүлдөрү Германиянын ар түрдүү аймактарындагы советтик жоокерлердин көрүстөндөрүнө жана мемориалдарына гүлчамбар коюу иш-чараларына катышкан. Алардын катарына Зеелов дөңсөөсү, Франкфурт/Одер шаарындагы советтик жоокерлердин көрүстөнү, Потсдам шаарындагы Бассинплатцтагы көрүстөн, Ораниенбург шаарындагы “Заксенхаузен” мемориалдык комплекси, ошондой эле Пенцлин (Мекленбург – Алдыңкы Померания аймагы), Альтландсберг (Бранденбург аймагы) шаарларындагы, жана Берлин шаарынын Панков районундагы эскерүү жайлары кирет.