«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Коом | 15.06.2026
  • |

Бишкек шаарында медреселер текшерилди

2026-жылдын 13-июнь күнү, КМДБнын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан жайкы лагер уюштуруп жаткан медреселерге текшерүү жүргүзүлүп, тиешелүү актылардын негизинде уруксат берилди. Ага Бишкек шаарындагы өкүлчүлүк тарабынан түзүлгөн атайын комиссия катышып, лагер өткөрүүгө даярдык көрүп жаткан “Заман шамы” жана “Расул Акрам” медреселеринде жеринде текшерүү иштерин жүргүздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө медреселердин жатаканалары, дааратканалары, ашканалары, окуу класстары, спорттук иш-чаралар өткөрүлүүчү аянтчалары жана окуу-тарбия программалары каралды. Ошондой эле лагерге кабыл алынуучу балдардын саны, окуу мөөнөтү, төлөм акысы жана коопсуздук шарттары боюнча маалыматтар текшерилип, тиешелүү талаптардын аткарылышына баа берилди.

КМДБнын Бишкек шаарындагы өкүлчүлүгү тарабынан балдардын жайкы эс алуусун жана диний-агартуу багытындагы билим алуусун сапаттуу уюштуруу максатында көзөмөл иштери мындан ары да улантылат.