"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 15.05.2026
  • |

Бишкек-Жидда багыты боюнча 360 жаран ажыга жөнөп кетти

Бүгүн, 15-май күнү Бишкек шаарынын "Манас" Эл аралык авиабекетинен Жидда шаарына 360 жаран ажылык сапарга жөнөп кетишти. Болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров, Flyadeal авикомпаниясынын өкүлү Ибрагим Дербаши, Азирети Муфтийдин орун басарлары жана КМБДнын кызматкерлери катышты. Ажыларды узатуу саамалыгында катышуучулар сөз cүйлөп, ыйык сапарга аттанып жаткандарга ийгиликтерди каалап, дуба кылышты.

«Кыргызстандан 6060 зыяратчы ыйык жайларга аттанууда. Кудай буюрса, баары ойдогудай, тынч уюштурулууда. Зыяратчылардын көтөрүңкү маанайлары жана толкундануулары бизди да таасирлентип жатат. Ар бир ажыга ак жол каалайбыз. Мамлекетибиз ажыларыбыздын сак-саламат барып-келишине кам көрөт», – деди улуттук агенттиктин төрагасы.

Ал эми Азирети Муфтий ажыларга ак жол каалап, зыяраттарынын кабыл болушун Жараткандан тиледи.

«Алланын жолуна баш коюп, «Лаббайк» деп жөнөгөн сиздер кандай бактылуу жансыздар! Анткени сиздер Алла Тааланын «Адамдарды ажылыкка чакыр. Алар (сага) жөө жана арык төөнүн үстүндө абдан алыс жолдордон келишет» деген аятына моюн сунуп, узак жолго аттандыңыздар. Кудай таалам жолуңуздарды ачык кылсын. Аман-эсен, сак-саламат ыйык жерлерге жетип алыңыздар. Бул улуу ибадат болгон ажылык ибадатты аткарып жаткан мезгилде кудай таалам сиздерге жеңил берип жана бардык дубаларыңыздарды кабыл кылсын”, – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.

Эске сала кетсек, бул Бишкек-Жидда багыты боюнча алгачкы рейс. Ал эми ажылык сапарга алгачкы топ 10-май күнү Ош шаарынан Ош-Медина багыты боюнча жөнөп кеткен.