“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
2026-жылдын 24-июнь күнү Бишкек шаарында Инкар-Якын жамаатына кезектеги сабактар башталды. КМДБ тарабынан берилген тапшырмага ылайык, жамаат үчүн ар жума сайын сабак өткөрүлүп турууда. Сабактар ар жуманын үчүнчү күнү аср намазынан кийин 12-кичи райондо жайгашкан «Айша» мечитинде өтүлөт.
Алгачкы сабакты Кыргызстандын Аалымдар кеңешинин мүчөсү, белгилүү аалым Кенжетай ажы Курманходжаев өттү. Сабак Пайгамбарыбыз ﷺдын өмүр баянын баяндоо менен башталып, мындан ары хадис илими боюнча да сабактар үзгүлтүксүз өткөрүлөрү маалымдалды.
Сабактын жүрүшүндө улуу аалымдардын илим алуудагы аракеттери, Пайгамбарыбыз ﷺдын сүннөттөрү жана илимдин артыкчылыгы тууралуу пайдалуу баяндар айтылды. Ошондой эле устаз Куран аяттары жана хадистерден мисалдарды келтирип, жамаатты илимге жана жакшы амалдарга үндөдү.
Сабак соңунда катышуучулар тарабынан берилген суроолорго кеңири жана илимий негизде жооптор берилип, иш-чара жалпы жамаат менен дуба кылуу аркылуу жыйынтыкталды.