Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Бүгүн, 28-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган ажылыкка даярдык сабактары башталды. Алгачкы сабакты Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Талант ажы Темирбаев өткөрүп, катышуучуларга Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун саламын жана ак дилден чыккан дубаларын жеткирди.
Сабакта Талант ажы Темирбаев болочок ажыларга кайрылып, ажылык сапары жөн гана зыярат эмес, бул адамдын өмүрүндөгү өзгөчө сыноо жана руханий тарбиянын мектеби экенин баса белгиледи:
«Ажылык – бул пенденин өз напси менен күрөшкөн, сабыр менен шыктандырып, шүгүр менен жүрөктү тазалаган, адеп менен кооздолгон улуу мектеп. Ажылык сапарында жол кыйынчылыктары, ысык аба ырайы, элдин көптүгү, тилдин ар түрдүүлүгү сыяктуу түрдүү сыноолор болот. Бирок чыныгы ажы – ушулардын баарына сабыр кылган, ыйык жерди урматтап, убакытты текке кетирбей ибадатка арнаган адам. Каабанын ар бир тавафы жүрөктү жууйт, тилден чыккан ар бир дуба асманга көтөрүлөт. Ажылыкка барган адам ушак, интрига, ачуулануу сыяктуу терс адаттардан алыс болуп, ар бир кадамын адеп, улуктоо жана ниеттүүлүк менен жасашы керек. Бул ыйык сапар – Аллах менен болгон мамилебизди оңдоонун, өзүбүздү таанып, шүгүр менен жашоого кайтуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү»
Сабак учурунда ажылык ибадатынын шарияттагы орду, анын фыкхый негиздери жана жүрүм-турум адептери кеңири түшүндүрүлдү. Ажылык – Ислам дининин негизги беш парзынын бири. Бул парзды аткаруу үчүн мусулмандарга жогорку жоопкерчилик жана даярдык талап кылынат. Ошондуктан Мекке шаарындагы штаб кызматкерлери болочок ажыларга окутууларды өткөрүп, ажылык убагына даярдыктарды көрүүдө. Сабактарда болочок ажыларга медициналык эрежелер, сапардагы жүрүм-турум, жамаатта болуу маданияты, жетекчилердин көрсөтмөлөрүнө баш ийүү жана Мекке менен Мадинада өткөрүлчү ар бир мүнөттү ыйык мүмкүнчүлүк катары колдонуу тууралуу да кенен маалымат берилүүдө.