Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Катар мамлекетинин баш калаасы Дохада Кыргызстан, Босния, Македония, Болгария, Албания ж.б. өлкөлөрүнүн Азирети Муфтийлеринин катышуусунда кеңешме өттү.
Саамалыкта ислам мурасын сактоо, үммөттүн биримдиги, элдер ортосундагы ынтымак, континенттер аралык момундардын алака-катышын жакшыртуу, дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана вакф маселелери талкууланды.
Кыргызстандын атынан катышкан Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров уюштуруучуларга Ала-Тоо мусулмандарынын ысык саламын жеткирип, жалпы катышуучуларды Ыйык Рамазан айы менен куттуктап өттү.
Иш-чарадан соң Катар эмири Тамим ибн Хамад Аль Танинин атайын Азирети Муфтийлерге арналган ифтар кечи уюштурулду.