Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага 
Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.”
(Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 15.05.2025
  • |

Евразия Тоок Фабрикасы "Халал" сертификатын жаңылады

Кыргызстан мусулмандардын Дин башкармалыгынын жетекчилиги жана өкүлдөрү Евразия Тоок Фабрикасынын ишмердүлүгү менен таанышты.  Жолугушуунун жүрүшүндө дин кызматкерлери өндүрүш процесси менен жеринен таанышып, шарияттын адал стандарттарынын сакталышына өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле ишкананын уюштурулушу жогорку деңгээлде экенин белгилеп, продукция белгиленген талаптарга толук жооп берерин жогору баалашты. Ишкананын жетекчилиги зыярат үчүн ыраазычылык билдирип, сапаттын жана диний нормалардын жогорку деңгээлде сакталышынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Евразия Тоок Фабрикасы – өлкөбүздүн ичинде өз алдынча иштеп жаткан, тоок этин өндүрүү, союу жана сатыкка чыгаруу ишмердүүлүгүндө адал талаптарын кынтыксыз сактаган ишкана. Тооктор Кыргызстандын шартында багылып, союу процесси атайын шариятка ылайык адал жол менен, мусулман касапчылар тарабынан аткарылат. Аталган фабрика Кыргызстандын муфтиятынын Адал стандартына ылайык тастыкталган.

Бул демилге – өлкө ичинде экономиканы өнүктүрүүгө, калктын таза жана ишенимдүү азык менен камсыз болушуна, ошондой эле чет элдик шектүү продукциялардан коргонууга өбөлгө түзөт.

Өзүбүздүн адал өндүрүштү колдоо – улуттук жана диний милдетибиз. Ушундай максатта, Евразия Тоок Фабрикасынын ишмердүүлүгүн коомчулукка жайылтуу, мекендештерибизди адал жана жергиликтүү продукцияны тандоого үндөө маанилүү деп эсептейбиз.