“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 01.07.2026
  • |

КМДБнын адистери Баткен облусунда калк менен жолугушууларды өткөрүштү

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Калкты диний маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн 2026-жылга карата бекитилген иш планынын негизинде Баткен облусунда жергиликтүү калк менен түздөн-түз жолугушуулар уюштурулду.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 29–30-июнь күндөрү аталган бөлүмдүн адистери Махамадали Имарали уулу жана Дооранбек Зайнидин уулу Баткен облусунун Лейлек, Баткен жана Кадамжай райондорунда болуп, тургундар менен жолугушууларды өткөрүштү.

Жолугушуунун жүрүшүндө нике жана талак маселелери, улуттук нарк-насил, үй-бүлөлүк жана коомдук баалуулуктар боюнча туура диний түшүнүк берүү, ошондой эле КМДБ тарабынан бирдиктүү негизде чыгарылган шариаттык фатвалардын мазмунун кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

29-июнь күнү жолугушуу Лейлек районунун Раззаков шаарындагы Каттабек мечитинде өтсө, 30-июнь күнү Баткен шаарындагы борбордук мечитте жана Кадамжай райондук борбордук мечитинде уланды. Жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучулар өздөрүн кызыктырган диний маселелер боюнча суроолорун берип, КМДБнын адистеринен негиздүү жоопторду алышты.

Белгилей кетсек, аталган жолугушуулар калк арасында салттуу ислам баалуулуктарын жайылтуу, диний сабаттуулукту жогорулатуу жана актуалдуу диний маселелер боюнча туура маалымат берүү багытында жүргүзүлүүдө.