“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 29.06.2026
  • |

Көзү азиз жарандарга Брайл арибинде басылган Куран китептери таратылды

Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында көзү азиз жарандарга Брайл арибинде басылган Ыйык Куран китептерин тапшыруу иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага Көзү азиздер федерациясынын жетекчиси Жалалуддин Абдивалиев, «Ыйман» мечитинин имамы Ниматулло Рыскулов, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын казыятынын кызматкерлери катышты.

Анда уюштуруучулар Брайл арибиндеги Куран китептери көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген мусулмандардын диний билим алуусуна жана Куран окуусуна кеңири шарт түзөрүн белгилешти. Катышуучулар мындай демилге көзү азиз жарандарды колдоого багытталган маанилүү кадам экенин айтып, мындан ары да ушул сыяктуу пайдалуу долбоорлор уланарына ишеним билдиришти.

Иш-чаранын алкагында Брайл арибинде басылган Куран китептери муктаж болгон көзү азиз жарандарга бекер таратылды. Демилге Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарындагы окурмандарды камтып, алардын Ыйык Куранды өз алдынча окуусуна мүмкүнчүлүк түзүүнү максат кылат.

Белгилей кетсек бул иш-чара Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун КМДБны өнүктүрүү жана коомдогу диний маданиятты жогорулатууга багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчемине ылайык жүргүзүлүүдө. Анда мүмкүнчүлүгү чектелгендердин (өзгөчө көзү азиздердин) диний билим алуусуна шарттарды түзүү каралган.