Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Мээримдүү жана ырайымдуу Алла Тааланын ысымы менен баштаймын!
Алла Таалага шүгүрлөр болсун! Анын сүйүктүү Элчиси Мухаммад Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) салам жана салаваттарды айтабыз.
Кадырлуу мекендештерим! Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин бардык мүчөлөрүнүн жана өзүмдүн атымдан жалпыңыздарды Курман айт майрамы менен куттуктаймын! Айтыңыздар жана жума күнүңүздөр куттуу, берекелүү болсун!
Кудай Таала дүйнө жүзүндөгү мусулман элдерге ынтымак, биримдик берсин! Касиеттүү мекенибизде азыркыдай болуп дайыма тынчтык өкүм сүрүп, бардык тармактарда өнүгүүлөр улана берсин!
Урматтуу мусулман бир туугандар! Курман айт майрамы жакын туугандар жана колу-коңшулар ортосундагы карым-катнашты бекемдөө, ак дасторкон үстүндө бири-бирибизге сый-урмат көрсөтүү менен эле чектелбейт. Курман айт момун мусулмандын дуба-тилектери жана күнөөлөрү үчүн кылган тообосу кабыл кылына турган баалуу майрам, кымбат убакыт.
Ташрик күндөрүндө Жараткан Алла Тааланын улуулугун жана жалгыздыгын даңазалап, Анын алсыз кулу экенибизди жан дилден мойнубузга алуу менен бирге, Ибрахим, Исмаил (алейхимус салам) пайгамбарлар сыяктуу Аллага толугу менен моюн сунуу антыбызды жаңылоонун майрамы! Ичибиздеги бардык терс сапаттарды (ташбараңга алып) кубалап, Пайгамбарыбыздын асыл кулк-мүнөздөрүн кан-жаныбызга сиңирүүгө умтулуунун убактысы.
Урматтуу мекендештерим! Ислам динибиз аялзатына зулум кылуу мындай турсун, адамдын көңүлүн оорутууну да жектейт! Мейли ал жубайы болсун, мейли үй-бүлө мүчөсү болсун, эч кимдин эч кимге зомбулук көрсөтүүгө акысы жок!
Биз, өз өлкөбүздүн аалымдары катары бардык мекендештерибизди энелерин, аялдарын жана кыздарын кастарлоого, үй-бүлөсүн эч кимге муктаж кылбай кадырлап кароого, динибиздин баалуулуктарын жана элибиздин нарк-дөөлөттөрүн үйрөтүүгө чакырабыз! Кимдин үйүндө зомбулук, кордук жок болсо, бала-бакырасынын бактылуу жашоосу уланып турса, ошол үй-бүлө үчүн ар бир күн майрам, ар бир күн айт болуп саналат!
Ыйык Мекке шаарынан баарыңыздарга дуба кылып, Алла Тааладан аманчылык тилеймин.
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир каары Ракиев