Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Ажылык ибадаты маалында зыяратчылардын ден соолугун үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруу максатында Сауд Араб Королдугунун Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан атайын иштелип чыккан акылдуу медициналык сааттар 50 кыргызстандык ажыга белек катары тапшырылды. Бул саамалык Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн медициналык сурамжылоонун негизинде көчмө штаб тарабынан ишке ашты.
Мындай белек Сауд Араб Падышалыгынын Ажылык жана умра министрлиги тарабынан берилип, ага Кыргызстандын ажыларын тейлеген Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана КМДБнын башкы эсепчиси Толкунбек ажы Жуманов катышты.
Акылдуу сааттар зыяратчылардын жүрөк кагышын, кандагы кычкылтек деңгээлин, кан басымын жана дене табын реалдуу убакыт режиминде өлчөп, зарыл учурда медициналык кызматкерлерге сигнал берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул, өзгөчө көп адам чогулган ажылык шартында коопсуздукту жана ыкчам медициналык жардам көрсөтүүнү камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
«Бул сааттар ажылык шартында ден соолукка байкоо салууну жеңилдетип, биздин зыяратчылар үчүн чоң жардам болот. Саудия тараптын мындай камкордугу – алардын ажыларга кылган өзгөчө урматынын, жогорку деңгээлдеги уюшкандыгынын далили», – деди Жолдошбек ажы.