“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
2026-жылдын 28-июнунда Манас шаардык хатибияты тарабынан Азирети муфтий Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен КМДБ тарабынан жарык көргөн «Фикх: Ибадаттар бөлүмү» китебинин негизинде Манас шаарындагы бардык мечит имамдары үчүн билим деңгээлин аныктоо жана жогорулатуу максатында тесттик сынак өткөрүлдү.
Сынакта даарат, намаз, орозо жана башка ибадаттарга байланышкан фикхий маселелер боюнча имамдардын теориялык билими бааланды.
Манас шаарынын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Турганбаев мындай иш-чаралар имамдардын диний билимин өркүндөтүүгө, кызматтык жоопкерчилигин жогорулатууга жана жамаатка Куран, сүннөт жана ханафий мазхабынын негизинде туура диний түшүндүрмө берүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.