«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
2025-жылдын 21-майында Ош–Медина багыты боюнча ыйык Медина шаарына келген Кыргызстандын алгачкы ажылар тобу бүгүн, 24-майда Мекке шаарына жөнөп кетишти.
Бул топ Мединадагы зыяраттарын бүтүрүп, ажылыктын негизги ибадаттарын аткаруу үчүн Меккеге сапар алышты. Алар менен кошо Ажылыкты уюштуруу штабынын кызматкерлери жана бир дарыгер дагы сапарга кошулду.
Кыргызстандык ажылардын кийинки топтору да белгиленген график боюнча Мединага учуп келип, андан соң Меккеге жөнөшөт.