Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. 
Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат».
Зумар сүрөсү, 39/9
Коом | 10.06.2025
  • |

Муфтияттын алдындагы илимий-изилдөө институтунун кезектеги отчёттук кеңешмеси өткөрүлдү

Бүгүн, 10-июнь күнү Муфтияттын конференция залында КМДБнын илимий-изилдөө институтунун алдында түзүлгөн Диний билим берүүнүн сапатына – шарттарына, мазмунуна жана технологияларына мониторинг жүргүзүп, аны жакшыртуу формаларын изилдөө жана сапат индикаторлорунун абалы жана динамикасы жөнүндө маалыматтарды чогултууну, иштеп чыгууну, сактоону уюштуруу-методикалык камсыздоо боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүчү Профилдик илимий-эксперттик жумушчу тобу тарабынан уюштурулган отчеттук-кеңешме – Кереге кеңеш өз ишин жыйынтыктады. Саамалыкка Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Айбек Иминов, Муфтияттын алдындагы илимий-изилдөө институтунун директору Шүкүр ажы Исмаилов, коомдук ишмерлер жана ДОЖ кызматкерлери катышты.

Кереге кеңеште угууга коюлган маселе боюнча мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, коомдук ишмерлер, молдолор жана окумуштуулар тарабынан боюнча талкуулар жүргүзүлүп, тийиштүү чечимдер кабыл алынсын үчүн төмөндөгүдөй конкреттүү сунуштар Аалымдар Кеңешинин кароосуна жөнөтүлдү:
1. Диний билим берүүнү жолго коюу, ал үчүн төмөндөгүдөй алгоритм сунушталат:
а) биринчи кадам: 
- «Ислам илимдери» багыты  боюнча орто билим берүү медреселери жана жогорку билим берүү ислам институттары үчүн жаңы иштелип чыккан КМДБнын жеке билим берүү стандарттарын бекитүүгө сунуштоо.
- «Ислам илимдери» багыты  боюнча КМДБнын билим берүү стандарттарына ылайык, жаңы иштелип чыккан окуу пландарын бекитүүгө сунуштоо.
б) экинчи кадам: 
- айрым диний окуу жайларда пилоттук негизде, орто кесиптик билим берүү: 050717 – «Теология» (Колледж) жана жогорку кесиптик билим берүү: 531600 – «Теология» (Бакалавр) адистиги боюнча лицензия алуу.
в) үчүнчү кадам: 
- Кыргыз Республикасындагы жогорку кесиптик билим берүүнүн даярдоо багыттарынын жана адистиктеринин тизмесине «Ислам илимдери» багытын киргизүү жана алар үчүн паспорт жана шифр алуу процессин карап чыгууга жана бекитүүгө сунуштоо.
- «Ислам илимдери» багыты үчүн, жогорку кесиптик билим берүү «Бакалавр» жана орто кесиптик билим берүү «Колледж» боюнча жаңы иштелип чыккан Билим берүү стандарттарын бекитүүгө сунуштоо.
- «Ислам илимдери» багыты үчүн, жогорку кесиптик билим берүү «Бакалавр» боюнча, төмөндөгү профилдерин аныктоо: «Ыйык Куран жана анын илимдери»; «Хадис жана анын илимдери»; «Фикх жана анын илимдери»; «Акыйда жана анын илимдери»; «Сопулук жана анын илимдери»; «Ислам экономикасы»; «Ислам педагогикасы».
2. Кыргызстанда исламдык диний билим берүүдө фикх багыты боюнча төмөндөгү окуу куралдарын расмий таануу жана 2025-2026-окуу жылы үчүн окуу программаларына киргизүү; предметтик окуу программаларын иштеп чыгуу:
- Мухтасар аль-Викоя;
- Шарху аль-Викоя;
- аль-Хидая.
3. Диний билим берүүдөгү жаңы жагдайлар боюнча окутуп үйрөтүү семинар-тренингдерди уюштуруу.

Мониторинг жүргүзүү жана изилдөө аспектилери:
- ДОЖдордун окуу программаларынын мамлекеттик стандарттарга жана нормативдерге шайкештиги;
- ДОЖдордун материалдык-техникалык базасынын абалы;
- Окутуучулардын билим деңгээли, тажрыйбасы жана педагогикалык даярдыгы;
- Студенттердин билим деңгээли, сабактарга катышуусу жана жалпы өнүгүүсү;
- ДОЖдордо светтик сабактардын окутулушу жана алардын сапаты;
- ДОЖдордо Мухтасар аль-Викоя, Шарху аль-Викоя, Аль-Хидая эмгектеринин окулушу.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары:
- ДОЖдордун окуу программалары мамлекеттик талаптарга жана нормативдерге толук жооп бербейт;
- Көпчүлүк ДОЖдордун материалдык-техникалык базасы талаптарга жооп бербейт;
- Окутуучулардын арасында педагогикалык даярдыктар начар, илимий даражасы бар окутуучулар сейрек кездешет;
- ДОЖдордо светтик сабактардын окутулушу жолго коюлган эмес;
- Мухтасар аль-Викоя, Шарху аль-Викоя жана Аль-Хидая фикх китептери көпчүлүк ДОЖдордо окутулбайт.

Практикалык сунуштар:
- Диний билим берүүнү жалпы кабыл алынган светтик билим берүү системасына интеграциялоо – ДОЖдордо светтик сабактарды окутууну кеңейтүү жана алардын сапатын жакшыртуу; Орто жана жогорку диний билим берүү стандарттарын, окуу программаларын жана окуу пландарын иштеп чыгуу; - Материалдык-техникалык базаны жакшыртуу;
- Педагогикалык даярдыгы жок окутуучуларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстарын уюштуруу;
- Диний билим берүүнүн сапатына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
- Мухтасар аль-Викоя, Шарху аль-Викоя, Аль-Хидая фикх китептерин ДОЖдордо толук окутуу.