"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык".
 (Бухари, №645; Муслим, №650)
Коом | 10.05.2026
  • |

Ош: Ажылардын алгачкы тобу ыйык Медина шаарына аттанды

Бүгүн, 10-май күнү Кыргызстандан ажылык ибадатын аткаруу үчүн аттанган зыяратчылардын алгачкы тобу Ош эл аралык аэропортунан нурлуу Медина шаарына аттанды. Болочок ажыларды ыйык сапарга узатууга Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ кызматкерлери, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ияд бин Гази Хаким, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин ТАБ башчысы Фуркатбек Адилбек уулу, Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев жана Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров башында турган дин ишмерлери, ажы башчылар катышты. Ажыларды узатуу саамалыгында катышуучулар сөз сүйлөп, ажылык ибадатын аткарууда Алла Тааланын жеңилдик берүүсүн жана кабыл кылуусун тилеп дуба кылышты.

«Урматтуу Алла Тааланын коноктору. Сиздер Жер шарындагы эң ыйык жайларга зыярат кылуу үчүн улуу сапарга аттандыңыздар. Ажылык айларында Куран түшкөн Мекке-Медина шаарларын зыярат кылып, исламдын 5-парзын орундатууга бел байлап олтурасыздар. Алла Таалам «хажжуль-мабруур», башкача айтканда кабыл болгон ажылык менен кайтып келүүнү ар бириңиздерге насип кылсын», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.

КМДБ жетекчиси өз сөзүндө ажыларды убакытты үнөмдүү пайдаланууну, зыяратты шарият көрсөткөндөй орундатууну, ажылык – бул машакат экенин, андыктан ар кандай жагдайларда сабырдуу болууну насаат кылуу менен бирге, ажы башчыларга баш ийүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ал эми САПтын Кыргызстандагы элчиси Ияд бин Гази Хаким дагы зыяратчылардын ажылыгын кабыл болуусун тилеп, ажылардан жалпы үммөт үчүн дуба кылууну өтүндү.

Айта кетсек, алгачкы рейсте 180 зыяратчы бар.