“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Коом | 31.07.2026
  • |

Ош облусу жана Ош шаарына берилген кызматтык унаалардын абалы текшерилди

Бүгүн, 31-июль күнү КМДБнын Текшерүү комиссиясы тарабынын КМДБнын Ош облусундагы өкүлчүлүгүндө Ош облусу жана Ош шаарына берилген кызматтык унаалардын абалы текшерилип, ага комиссиянын төрагасы Бакытбек ажы Нурдинов, КМДБнын бухгалтер-кассири Султанбек ажы Момунов, Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуров менен Азирети Муфтийдин Ош шаарындагы өкүлү Самидин кары Атабаев жана облус аймагындагы райондук баш имам-хатибдер катышты.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Ош облусуна жана Ош шаарына берилген кызматтык автоунааларынын техникалык абалы, пайдалануу тартиби жана жүрүлгөн чакырымы көзөмөлдөнүп, аманатты жакшы сактоо керектиги баса белгиленди.

"Кызматтык унаага өзгөчө жоопкерчилик менен мамиле кылып, жакшы колдонуңуздар. Негизинен техникалык абалы баары жакшы экен. Бирок жүрүлгөн чакырымы көбөйүп кеткен учурлар кездешүүдө. Туура максаттуу колдонуңуздар. Буйруса планга ылайык келип текшерүүдөн өткөрүп турабыз"-деди Бакытбек ажы Нурдинов

Техникалык кароонун жыйынтыгында кызматтык автоунааларга 2026-жылга карата жол баракчалары (путевой листтер) тапшырылды.

Айта кетсек, Ош облусунда 7 райондук баш имам-хатибге жана КМДБнын Ош облусундагы өкүлчүлүгүнө кызматтык автоунаалар берилген.