“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-мартта, Бишкектеги Иамам Сарахси атындагы борбордук мечитте намаз окуп, чогулгандардын баарына ооз ачар өткөрдү.
Мамлекет башчысы мечитке келгендерди ыйык Орозо айы менен куттуктап, руханий жактан бекемдикти жана баардык жакшылыктардын кабыл болушун каалап, биримдиктин, боорукердиктин жана өз ара жардамдашуунун маанисин баса белгиледи.
“Кудай баарыбыздын тилегибизди кабыл кылсын, калкыбыздын баардыгынын көкүрөгүнө ыйман толтурсун. Элибиздин ырыскысын мол кылсын. Мамлекетибизде тынчтык болсун”,- деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.