«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Коом | 13.03.2025
  • |

Сонун жаңылык: Муфтиятта Куран студиясы ачылды

Бүгүн, 13-март күнү КМДБнын алдында Куран студиясы ачылды. Студиянын ачылыш аземине Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров, КМАК төрагасы Замир кары Ракиев, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Аль-Ради, Азирети Муфтийдин орун басарлары, Муфтият кызматкерлери жана белгилүү карылар катышты.

«Күнөстүү Кыргызстаныбыз мыкты карылардан уучу кур эмес. Дүйнөлүк деңгээлге чыккан атактуу карыларыбыз болгон. Тилекке каршы, алар окуган Курандар сакталып калган эмес. Биз аалымдарды аздектөө, карыларды сыйлоо, алардын окуган Курандарын жаздырып алуу сыяктуу пландарды бекиткенбиз. Бул пландар өз кезегинде өлкөдөгү ислам маданиятын өстүрүү жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчемибизде каралган эле. Алланын каалоосу менен диний башкармалыктын тарыхында алгачкы жолу Куран студиясы ачылып жатат. Кудай буюрса, эми кыргыз карыларынын Курандарын жаздыра баштайбыз. Мыкты карылар окуган 30 пара Куранды аудиоформатта даярдап, интернет мейкиндигине чыгарууну ойлонуп жатабыз. Ошондо ар бир кыргызстандык үйүндө олтуруп эле өзү жакшы көргөн карылардан Куран уга алат», – деди Азирети Муфтий.

КМДБ жетекчиси өз сөзүндө Куран студиясынын ачылышына жакындан көмөк көрсөткөн Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Аль-Радиге алкыш айтты.

Кыргызстан Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев Азирети Муфтийдин бул демилгесин жогору баалап, анын Куран жолундагы кызматтары үчүн ыраазычылык билдирсе, САП элчиси Куран студиясынын ачылышы менен кыргызстандыктарды куттуктап, КМДБга ийгилик каалады.

Эскерте кетсек, буга чейин КМДБнын алдында алгачкы жолу медиа студиясы ачылып, пайдаланууга берилген.