«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы «Жума» мечитинде облустагы жалпы имамдардын катышуусунда ажылыкка байланыштуу түшүндүрүү жыйыны өткөрүлдү. Иш-чарага КМДБнын Ажылык бөлүмүнүн адиси Алмаз ажы Султанов, Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлүнүн орун басары Ибраим ажы Осмонбеков, райондук баш имам-хатибдер жана жалпы имамдар катышты. Жыйында ажылыкка талапкерлерди каттоо тартиби, онлайн форматта катталуу жана баштапкы төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кеңири маалыматтар берилди. Ошондой эле имамдарга ажылыкка байланыштуу жаңылыктарды жана расмий маалыматтарды жарандарга өз убагында жеткирүүнүн маанилүүлүгү түшүндүрүлдү.
Жыйында белгиленгендей, ажылыкка катталуу мамлекеттик санариптик система аркылуу жүргүзүлөт. Талапкерлер үчүн баштапкы төлөмдөрдү банкта кезек күтүп отурбастан, ар кайсы жерден онлайн форматта төлөө мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө. Ушуга байланыштуу дин кызматкерлерине ажылыкка байланыштуу маалыматтарды элге кеңири түшүндүрүп жеткирүү тапшырылды. Ошондой эле онлайн катталуу боюнча толук маалымат бере албаган учурда жарандарга Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгынын расмий социалдык баракчаларында ажылыкка байланыштуу жарыяланган жаңылыктарга жана маалыматтарга үзгүлтүксүз көз салып турууну сунуштоо керектиги белгиленди.