«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) Ажылык жана Умра сапарларын уюштуруу боюнча ведомстволор аралык комиссиянын аккредитациялоо боюнча жумушчу тобунун протоколдук чечимине ылайык, 2026-2027-жылдагы Умра сезону үчүн туристтик компанияларды аккредитациялоо 2026-жылдын 27-августунда өткөрүлөрүн маалымдайт.
Буга байланыштуу, мурдагы аккредитациясын жаңылоону же жаңы аккредитациядан өтүүнү каалаган бардык туристтик компаниялар белгиленген талаптарга ылайык документтерин 2026-жылдын 24-августуна чейин Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына тапшыруусу зарыл.
Жаңы тартипке ылайык иш алып баруу максатында, 2026-жылдын 27-августунда аккредитациядан өтпөгөн туристтик компаниялардын келишимдери күчүн жоготуп, ишмердүүлүгү мыйзамсыз болуп эсептелинет.
Эске салсак, 2026-жылдын 30-июлунда КМДБ тарабынан 2026–2027-жылдагы Умра сезонуна карата туристтик компанияларды аккредитациялоо үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси расмий жарыяланган.
Документтерди кабыл алуу:
📍 КМДБнын кеңсеси, иш күндөрү саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
Аккредитациянын өткөрүү күнү:
📍 КМДБнын кеңсеси, 27-август саат 10:00.
Дареги: Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспектиси, 264/3 (Башкы «Имам Сарахсий» мечитинин аймагы)
Байланыш телефондору: 📞 0505 20-40-30 📞 0551 20-40-30