Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар (болгон) тозоктон сактагыла” (Тахрим сүрөсү, 6-аят).
Бүгүн, 23-май күнү Жалал-Абад шаарында “Аалым Мусулманкул ажы” атындагы жаңы мечиттин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, КМДБнын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев, муфтийдин орун басарлары Самаган ажы Мырзаибраимов жана Талант ажы Темирбаев, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган аалымдар катышып, жергиликтүү эл менен чогуу бул ыйык жайдын ачылышына күбө болушту.
Ачылыш салтанатына чейин Азирети Муфтий баштаган делегация мечитти зыярат кылып, анын шарттары менен таанышып чыгышты. Мечит 3000 кишиге ылайыкталып, бардык заманбап шарттары менен курулган. Архитектуралык жактан кооздугу жана функционалдуулугу менен айырмаланган бул жаңы ибадаткана жамаат үчүн ыңгайлуу жана жайлуулукту камсыз кылат.
Ачылыш аземинде Азирети Муфтий куттуктоо сөзүн сүйлөп, мечиттин курулушуна салым кошкон демөөрчүлөргө жана куруучуларга ыраазычылык билдирди. Ал жамаатты беш убак намазды мечитте окууга чакырып, мусулмандын мусулманга болгон акылары жана коомдогу биримдик тууралуу баян кылды.
Иш-чаранын соңунда Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков сөз сүйлөп, атайын убакыт бөлүп келген Азирети Муфтий баш болгон аалымдарга жана бардык конокторго ыраазычылыгын билдирди. Ал мечитке “Мусулманкул ажы” деген ысымды ыйгарган жамаатка алкыш айтып, бул көрүнүш аалымды сыйлоонун жогорку далили экенин билдирди. Ошондой эле мечиттин курулушуна салым кошкондорго облустук казыяттын атынан Ыраазычылык каттар тапшырылды.
Иш-чара соңунда Жалал-Абад шаарынын тургундары үчүн зор мааниге ээ болгон мечит өз эшигин ачып, жамааттын руханий жана диний муктаждыктарын канааттандыруучу чоң ибадат жайына айланышы тилек кылынып, бата тартылды.