«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 13.08.2026
  • |

ЖАРЫЯ !!! Ажыга баруу үчүн кезекте турган жарандарга эскертүү

2026-жылдагы ажылык сапары үчүн Элдик Банкка (РСК) тиешелүү 2000 АКШ долларын жана 1200 сом төлөмдөрүн төлөп, ошонун негизинде муфтияттын мурдагы ажылык базасында 2027-жылдагы ажылык үчүн кезек күтүп турган талапкерлер, кайрадан 2027-жылдагы ажылыкка катталуу үчүн өзүнүн электрондук идентификация (eID) же ID-карт паспорттун «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасына жүктөө менен 2026-жылдын 14-август саат 09:00дөн, 20-август саат 17:00гө чейин белгиленген алгачкы 180 000 (бир жүз сексен миң) сом өлчөмүндөгү алгачкы төлөмдү өзүнө ыңгайлуу банк тиркемеси (электрондук капчык) аркылуу төлөп катталуусу зарыл. 
Эскертүү: Быйыл ажылыкка катталуу улуттук валюта (сом) менен жүргүзүлөт.