«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Коом | 13.08.2026
  • |

ЖАРЫЯ! Жаңыдан ажылыкка барууну каалаган жарандарга

2027-жылдагы Ажылык сапарына барууну каалоочу жаңы талапкерлер өзүнүн электрондук идентификация (eID) же ID-карт паспорттун «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасына жүктөө менен 2026-жылдын 25-август саат 09:00дөн тартып белгиленген алгачкы төлөм 180 000 (бир жүз сексен миң) сом төлөмдү өзүнө ыңгайлуу банк тиркемеси (электрондук капчык) аркылуу төлөп катталуусу зарыл. 
Төлөм кабыл алуу ажыларга белгиленген орундар (квоталар) толгонго чейин жүргүзүлөт. Каттоо учурунда ажыларга берилген орундар (квоталар)  толуп калса “Ажылык” мамлекеттик санариптик системасы автоматтык түрдө төлөм кабыл алууну токтотот.
2027-жылдагы Ажылык сапарына белгиленген алгачкы төлөмдү төлөп катталган жарандар төлөм төлөгөн убактысына карап «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасынан автоматтык түрдө орундар ыйгарылып кезекке коюлат.
Эскертүү! 
•    Каттоого алынган талапкерлер белгиленген мөөнөттө ажылыкка тиешелүү бардык зарыл иш кагаздарын толуктап, «Ажылык» мамлекеттик санариптик системасына жүктөөсү зарыл.
•    Быйыл ажылыкка катталуу улуттук валюта (сом) менен жүргүзүлөт.