Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев 2025-жылдагы ыйык ажылык сапарына даярданып жаткан болочок ажылар үчүн Баткен жана Лейлек райондорунда диний агартуу сабактарын өткөрдү. Бул иш-чаранын алкагында ал ажылыктын шарияттагы орду, негизги амалдары жана Сауд Араб падышалыгынын мыйзамдары тууралуу кеңири түшүндүрмө берди.
“Ажылык — бул Ислам дининин негизги түркүктөрүнүн бири. Алла Таала ага жөндөмү жеткен ар бир мусулманга Меккеге барып, ажылык зыяратты аткарууну парз кылган,” — деди Жоробай ажы өз сөзүндө.
Жолугушууда Жоробай ажы ажылыктын амалдары — ихрамга кирүү, таваф, саъй, Арафатта туруу, таш ыргытуу, курмандык чалуу жана чач кырктыруу тууралуу шариятка ылайык кеңири түшүндүрмө берди.
“Ажылык – бул жөн гана сапар эмес, бул руханий жана адептик тарбиянын чоң мектеби. Ар бир ажы өзүн таза ниет менен алып жүрүп, Алланын алдындагы парзын толук аткарууга умтулуусу керек,” — деди ал.
Ошондой эле, Жоробай ажы Сауд Араб падышалыгынын мыйзамдарын сактоо маселесине өзгөчө токтолду. Ал ажылык сапар – башка мамлекетке кирүү жана ошол мамлекеттин мыйзамдарын урматтоо менен коштолорун эскертти.
“Ар бир ажы САПтын мыйзамдарын так сакташы керек. Себеби мыйзамды бузуу жеке гана эмес, жалпы Кыргызстандык ажыларга зыян алып келиши мүмкүн. Ислам бизди тартипке, адепке жана баш ийүүгө чакырат,” — деп баса белгиледи ал.
Мындан тышкары, Жоробай ажы саламаттыкты сактоого да көңүл буруу керектигин эскертти. Ал өнөкөт оорулары бар жарандар өз дары-дармектерин дайыма жанында алып жүрүүсү керек экенин, дене табы көтөрүлүп жатса же өзүн начар сезсе, дароо дарыгерге кайрылуусу зарыл экенин баса белгиледи.
“Ажылык учурунда аба ырайы өтө ысык болушу мүмкүн. Ошондуктан ден соолукка кылдат мамиле жасап, кандайдыр бир өзгөрүү байкалса, убакытты өткөрбөй медициналык жардамга кайрылуу керек,” — деп билдирди ал.
Ошондой эле, Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүү жана кайтуу маалында болочок ажылар жол эрежелерин сактап, этият болууга чакырылды.
“Ажылык күндөрү миңдеген адамдар бир убакта кыймылда болушат. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн коопсуздугуна жоопкер болуп, тартипти сакташы — ибадаттын да, коомдук адептин да талабы,” — деди Жоробай ажы.
Жыйынтыгында Жоробай ажы болочок ажыларды ибадатка даяр болуу менен катар, сабырдуулукка, тазалыкка жана тартипке чакырып, ажылык сапарын шариятка ылайык өтөөгө тилектештигин билдирди.