Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Новости
Общество | 04.12.2025

Диний аалым Умарали ажы Бекмуратовдун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу жакындарына көңүл айтабыз!
Диний тармакта алгылыктуу кызматтарды кылган диний аалым, диний ишмер Умарали ажы Бекмуратовдун дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу, маркумдун үй-бүлөсүнө, кесиптештерине жана жакындарына Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров баштаган муфтияттын жалпы жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат. Көңүл айтуу тексти толугу менен берилет: «Дин исламга албан-албан кызмат кылган, диний агартууга өмүрүн а…

Муфтий

Абдулазиз кары Закиров

ЗАКИРОВ АБДУЛАЗИЗ НАЗИРБЕКОВИЧ

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими: жогорку

1993-1998-ж.ж: Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-ж.ж: Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;

2015-2018-ж.ж: Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

2002-2005-ж.ж: Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005-2008-ж.ж: Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008-2011-ж.ж: Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

2011-2013-ж.ж: Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

2012-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);

2013-2021-ж.ж: Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Сыйлыктары: 2005-ж. «Абдулла ибн Аббас» медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;

2015-ж. КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;

2017-ж. «Аймак» облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;

2021-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен «Ардактуу Казы» алкыш баракчасы ыйгарылган. Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.

Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү; үч уул, бир кыздын атасы.

Фетвы
Статьи
по религиозным вопросам
+996550557775
call-центр
по вопросу халяль
+996557001525
МЕДИА