«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Мээримдүү жана ырайымдуу Алланын ысымы менен...
Лондондо жашап-иштеген бир имам Манчестерге көчүп барып калат. Жаңы шаарга келгени мечитине автобус менен каттай баштайт. Ал күн сайын бир эле автобуска түшүп, ошол эле автобустун айдоочусу менен кездешип жүрөт.
Бир күнү имам автобуска түшүп, жол кире үчүн 20 фунттук купюра сунат. Айдоочу кайтарым акчаны берет. Имам акчаны санап көрсө, айдоочу өзүнө тиешелүү суммадан 20 пенс (тыйын) ашык кайтарып берип койгонун байкайт.
Алгач имам ашыкча акчаны автобустан түшөрдө айдоочуга кайтарып берем деп ойлойт. Бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин анын көңүлүнө башка ой келет: «Бул чоң автобус компаниясы. Алардын кирешеси көп. 20 пенс алар үчүн эч нерсе эмес. А мен болсо бул акчага муктажмын. Балким, алып калсам деле эч нерсе болбос».
Имам өзүн-өзү ушундайча ынандырууга аракет кылат. Бирок акырында абийири үстөмдүк кылып, автобустан түшүп бара жатканда ашыкча 20 пенсти айдоочуга кайтарып берет. Ошондо айдоочу жылмайып:
«Сиз ушул мечиттин имамысызбы?» – деп сурайт. Имам:
«Ооба», — деп жооп берет. Ошондо айдоочу:
«Чынын айтсам, мен сиздин мечитиңизге барып, ислам менен таанышып, ибадат кылууну ойлонуп жүргөм. Бирок сизди сынап көргүм келди. Ошондуктан акчаны атайын ашыкча кылып кайтарып бердим эле», – дейт. Бул сөздү уккан имам окуянын олуттуулугун түшүнүп, катуу кыжаалат болуп, дүйнөсү заматта аңтар-теңтер болот. Ал өзүнүн ичинен тообо кылып, Жаратканга жалбарат:
«Оо, Алла! Болгону жыйырма тыйынга исламды сатып жибере жаздапмын!».
Бул окуяны эмне үчүн эскерип жатабыз? Акыркы учурларда интернетте исламдын өкүлү болгон айрым мусулман улан-кыздардын маанисиз, жосунсуз жоруктары чыга калууда. Жоолук салынган кыздарыбыз, ээгине сакал койгон уулдарыбыз кээде сабыр сактабай, көчө-көйдө же коомдук жайда катуураак сүйлөп, ачууга алдырып жибергенин байкоого болот. Албетте, аларды да бирөөлөр ошол абалга жеткирип, провокация кылып, анан телефонго тарта калат деңизчи.
Айтайын дегенибиз, кандай болгон күндө да мусулман – өз дининин күзгүсү. Адам баласы динди китептен гана эмес, аны карманган адамдардын жүрүм-турумунан да тааныйт. Мечитке кирбеген, Куранды окубаган, ислам тууралуу көп маалыматка ээ болбогон адамдар мусулмандын сөзүнөн, мамилесинен, адилеттүүлүгүнөн, боорукерлигинен жана адебинен ислам тууралуу түшүнүк алат. Ошондуктан ар бир мусулман өзү кааласа-каалабаса да ислам дининин күзгүсү экенин унутпашы зарыл.
Күзгү кандай болсо, андагы элес да ошондой көрүнөт. Мусулмандын жүрүм-туруму да анын жүрөгүндөгү ыймандын кандай экенин көрсөтөт. Аллах Таала Куранда: «Чындыгында, Алла силерге аманаттарды ээлерине тапшырууну жана адамдардын арасында өкүм кылганда адилеттик менен өкүм кылууну буйруйт» деп айтат (Ниса, 58). Демек, исламдын улуулугун сөз менен айтып коюу жетишсиз; аны адилет мамиле, таза эмгек жана туура мүнөз менен көрсөтүү керек.
Пайгамбарыбыз ﷺ: «Мен жакшы адеп-ахлакты толуктоо үчүн жиберилдим» деген. (Муватта, «Хуснул-хулк», 8). Бул хадис Исламдын адамдын мүнөзүн өзгөртүүгө өзгөчө маани берерин көрсөтөт. Намаз окуган адамдын тили калптан, ушактан жана орой сөздөн сакталса; орозо кармаган адамдын ачуусу сабырдуулукка айланса; зекет берген адамдын жүрөгүндө муктаждарга боорукерлик пайда болсо – ибадат өзүнүн чыныгы жемишин берип жатат.
Ислам адамды өзүнө гана эмес, айланасындагыларга да пайдалуу болууга чакырат. Пайгамбарыбыз ﷺ: «Мусулман – тилинен жана колунан башка мусулмандар аман болгон адам» – деген. (Сахих Бухари, 10; Сахих Муслим, 40). Бул хадисте чоң сабак бар: мусулманды анын кийими, сакалы же көп сүйлөгөнү гана эмес, адамдар анын жанында өздөрүн канчалык коопсуз сезерин да көрсөтөт.
Кээде исламды билбеген адам мусулмандын бир туура эмес ишин көрүп, аны бүтүндөй динге тиешелүү деп кабыл алышы мүмкүн. Албетте, бир мусулмандын катасы исламдын катасы эмес. Бирок бул жагдай ар бир момунга жоопкерчилигин эскертет. Биздин бир ооз сөзүбүз кимдир-бирөөнүн ислам тууралуу түшүнүгүнө таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан мусулмандын дааваты кээде минбардан айтылган сөздөн эмес, анын күнүмдүк жашоосунан башталат.
Коңшуга салам берүү, ата-энеге урмат көрсөтүү, карыяга орун берүү, жетимге кам көрүү, соодасында алдабоо, убадасына туруу, кызматында жоопкерчиликтүү болуу, жолдо башкаларга тоскоолдук кылбоо – мунун баары исламдын адамдагы чагылышы.
Алла Таала Пайгамбарыбыз ﷺ тууралуу: «Чындыгында, сен улуу адеп-ахлак ээсисиң» деп айткан (Калам, 4). Демек, Пайгамбарыбыздын ﷺ жашоосунда исламдын көркөмдүгү анын сөзү менен гана эмес, мүнөзү жана мамилеси менен да көрүнгөн.
Ошондуктан өзүбүзгө бир суроо берип көрөлү: Мени көргөн адам ислам жөнүндө кандай ойдо калат? Биздин сөзүбүз адамдарды жакындатабы же алыстатабы? Биз менен сүйлөшкөн адам жүрөгүндө жылуулук сезеби? Биздин адилеттүүлүгүбүз, тазалыгыбыз жана адамгерчилигибиз диндин сулуулугун көрсөтүп турабы?
Мусулман болуу – ислам жөнүндө сүйлөө гана эмес, исламдын жакшы сапаттарын өзүндө көрсөтүү. Анткени кээде адамдын эң күчтүү дааваты – анын тили эмес, балким жашоо образы. Б.а. мусулман – диндин күзгүсү сыяктуу. Күзгүдөн адамдар диндин өзүн эмес, биздин аны кандай чагылдырып жатканыбызды көрүшөт.
Жыйынтыктап айтканда, мусулман болуу – жоопкерчилик. Мусулман болуу аппак көйнөк кийинген сыяктуу. Ага түшкөн кичинекей так да чоң көрүнө берет. Болор-болбос катачылык да үлкөн көрүнө берет. Анткени адамдардын аң-сезиминде «идеалдуу мусулман» деген түшүнүк бар. Туура, баарыбыз кемчиликтүүбүз. Бирок чыныгы идеалдуу момун, улуу адеп ээси, мусулманчылыктын анык үлгүсү – Азирети Мухаммедге ﷺ эргешүүгө аракет кылганыбыз жакшы. Салам берүү, жылмаюу, автобуста улууларга орун берүү, кээ бир начар адамдарга теңелбей, сөз кайтарбай коюу, ашыкча талашып-тартышуудан алыс болуу, көчө-көйдө бирөө-жарым менен түртүшүп кеткенде же унаа башкарып баратканда, кемчилик бизде болбосо да кечирим сурап коюу, жол эрежелерине бекем болуу, мечитке баратканда унааларды башаламан эмес, тартиптүү токтотуу, айлана-чөйрөгө таштанды таштабоо, табиятты акыр-чикирден арылтуу, алтургай жолдогу зыян нерсени алып салуу ж.б. ушунун баары мусулманчылыктын асыл сапаттарынан. Биздики туура болсо да маанисиз талаш-тартыштан алыс болуу, текеберчиликке жол бербөө дагы исламият сунуштаган алтын жоболордон. Бул өз кезегинде басмырлануу же кемсинүү сыяктуу сезилсе да, түпкүрүндө андай эмес. Адеп сактап, жумшактыкты көрсөтүү сабырдуулукту, адеп-ахлакты, интеллекти, ыйманды көрсөтөт. Анткени мусулман болуу – зор сыймык жана чоң жоопкерчилик.
P.s.:Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Үгүт-насаат бөлүмү