«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 19.07.2021
  • |

УКУГУ ТЕБЕЛЕНГЕН УНУТПАЙТ...

Кадимки калыйпа Харун Рашиддин уулу Мамунду бала кезинде устаты чыбык менен келиштирип туруп чаап калат.

Мамун:

- Эмнеге чаптың, устат? Устаты:

- Унчукпа.

Мамун кайрадан сурады:

- Эмнеге себепсиз эле чаптың, устат? Мугалими:

-Унчукпа дебедимби!

Арадан 20 жыл өтүп Мамун такка отурду. Жаңы калыйпанын биринчи жумушу баягы устатын чакыртып алуу болду. Калыйпа Мамун:

- Ардактуу устат, жанагында эмнеге жөндөн-жөн эле чаап жибердиң эле?.. Устаты жылмайып:

- Аны дагы эле унута элексиңби? Мамун:

- Эсимден чыкса өлөйүн.

Ошондо устаты калыйпага бир өмүр дарс боло турган насаатын айтты:

- Эр жетип халифа болгонуңда, адилетсиздикке дуушар болгон кишинин көргөн кордугун жылдар өтсө да унутпашын жон териси менен сезсин деп чапкамын...


Которгон жана даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, Ош облусунун мусулмандарынын казыятынын кызматкери