Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Муфтият | 02.06.2023
  • |

ҮЙ-БҮЛӨ БААЛУУЛУКТАРЫН БАРКТАЙЛЫ

Акыркы учурларда коомдо адаттан тышкары көрүнүштөр жүз берүүдө. Айрыкча, өз элинин каада-салтына берилгендикти сабатсыздыкка теңеп, улууну урматтоонун баркын кетирип, аял-эркектин үй-бүлө курууга умтулуусун шылдыңга алгандар бар. Мындай адамдар бачабаздык сыяктуу жийиркеничтүү иштерди колдоп келет. Бачабаздык муундардын ортосундагы мыйзам ченемдүү мамиленин талкаланышына, чыр-чатактын курчушуна алып келет. Бул карама-каршылыктар акырындык менен тереңдеп, үй-бүлөдө ажырымдар пайда болуп, натыйжада маңкурт муунду өстүрүү үчүн улутубузду өтмүшүнөн үзүп, өзөгүнөн ажыратат.

Бүгүн «аялдардын укугу» деген шылтоо менен Кыргыздын каада-салтына, менталитетине, улуттук баалуулуктарына жат нерселер таңууланып, улуттук баалуулуктарыбызга шек келтирилген көрүнүштөр болуп жатканы жашыруун эмес. Кыргызда ата-бабалар эзелтен бери эле «кыздын кырк чачы улуу» деп аялзатын урматтап келген. Мындан ары да ошол салтыбыз менен аялдарды урматтап, кадырлап-барктап, көч жолун улай беришибиз керек.

Албетте коомдо катталып жаткан үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктардын болуп жатышы бул жаман көрүнүш. Мындайга жол бербей коомчулук, ак сакалдар зордукчуларды Кыргыздын каада-салты менен тартипке чакырып, жагымсыз көрүнүштү жоюу зарыл. Үй-бүлө баалуулуктарын жаштарга айтып, зордук-зомбулуктун алдын алуу керек.

Ар бир элдин өзүнүн баалуулуктары болот эмеспи. Бул талашкыс нерсе. Бирок эгерде кимдир бирөөлөр башкалардын каада-салтын, алардын маданиятын өздөрүнө кабылдап, башкаларга дагы ушуну таңуулап жаткан болсо, анда ал улут өздүгүн жогото баштайт. Андыктан ар бирибиз өзүбүздүн улуттук каада-салтыбызды, үй-бүлөлүк баалуулуктарыбызды, нарк-насилибизди, намысыбызды, динибизди бекем сактайлы! Дүйнөдө бир да эл, бир да улут өзүнүн каада-салтын, улуттук баалуулуктарын, маданиятын чанып, башкалардын маданиятын, көз карашын, каада-салтын даңазалабайт.  Ошондуктан өзүбүздүн улуттук каада-салтыбызды, үй-бүлөлүк баалуулуктарыбызды, нарк-насилибизди, намысыбызды көздүн карегиндей сактап, кийинки урпактарга татыктуу өткөрүп берүү биздин ыйык милдетибиз.

Улуу динибизде да үй-бүлө коломтосуна кам көрүлөт. Ал эми үй-бүлө баалуулуктарына каршы келген жагдайлар жакшы кабыл алынбайт. Шариятыбыз өзгөчө бачабаздыктан тыйып, аны абдан жийиркеничтүү иш катары баалаган. Куранда бул жаман көрүнүш Лут коомунун кылык-жоругу катары белгилүү болуп, бачабаздык катуу айыпталган.

“Лут (өз) элине: “Албетте, Силер өтө бузук иш кылып жатасыңар, мындайда ааламда эч ким силерден ашкан эмес, чын эле силер эркектерге барасыңар[1] жана жолдорду кесесиңер,[2] чогулуштарыңарда жаман иштерди кыласыңар[3].

Анын элинин айткан жообу: “Эгер сен чынчылдардан болсоң, анда бизге Алланын азабы менен келгин”, – деген гана болду”

(Анкабут, 28-29).

Демек, кудай койгон мыйзамга каршы чыгуу азаптарды чакырат. Ыйык Куранда Алла Таала чектен чыгуудан тыйган:

«Чектен чыкпагыла. Чындыгында, Аллах Таала чектен чыккандарды жакшы көрбөйт»

(Бакара 190).


[1] Бачабаздык кулач жайган эле.

[2] Келген, же ары-бери өтүп бара жаткан жолоочуларды кармап, тоноп алышып, бир топторун зордукташкан.

[3] Бачабаздыкты алар чогулуштарда да бири-биринен эч уялбай эле көз-көрүнөө жасашкан.

(Башкы бетте колдонулган сүрөт интернет булактарынан алынды)

Последние статьи