“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Муфтият | 14.03.2026
  • |

МОЛДО АБДУСАТТАР МАЖИТ УУЛУ

Молдо Абдусаттар Мажит уулу 1934-жылы Тажикстандын Жерге-Тал өрөөнүндө төрөлгөн. Бала кезинен эле дин илимин алып чоңойгон. Кийинчерээк Тажикстандык аалым Абдурашид Казынын колунда ийгиликтүү окуган. Андан кийин ошол жерде эмгек жолун улантып, жигердүү иштеп, көптөгөн талабаларды (окуучуларды) окутуп чыгарган. 

1988-жылы Кыргызстанга келип, Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айылында жашаган. Ал жерде Совет доорунун ар түрдүү кысымдарына карабай дин илимин өркүндөтүп, жергиликтүү элге, илим алууну көздөп келгендерге шарият илимин окутуп, жүздөгөн аалымдарды өстүргөн. Алардын белгилүүлөрү бүгүнкү күнү да элибизге кызмат кылып келе жатышкан Молдо Шакир, Молдо Шамсуддин, Молдо Сабыр Досбол уулу (р.алейхим), Молдо Надыр, Молдо Акун, Молдо Газы, Абдишүкүр Нарматов баш болгон дин аалымдары 1996-жылдан 2000-жылга чейин Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи кызматын аркалаган.

Муфтийлик кызматты тапшыргандан кийин 2008-жылга чейин Кадамжай районунун Ак-Турпак айылында жашоосун 
улантып, аалымдар жана талабалары (окуучулары) менен дин илимин улантып, элге жеткирүүгө аракет кылган.

Жети уул, үч кыздын мыкты атасы болгон. 2008-жылы бул жарык дүйнө менен кош айтышып, түбөлүк жашоого сапарын улаган.
 

Муфтиятpress