«Ким адал жол менен эмгектенсе, биз анын ишин берекелүү кылабыз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
КМДБнын аппарат жетекчиси болуп Жоробай ажы Шергазиев эмгектенет.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Жоробай ажы Шергазиевдин кыскача өмүр таржымалы:
Жоробай ажы Шергазиев 1974-жылы 27- августта жарык дүйнөгө келген. 1992-жылы Баткен районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепти бүтүп, ошол эле жылы Бишкектеги «Хазрат Умар» атындагы медресеге тапшырган. Ал белгилүү дин аалымдары болгон молдо Кабыл, молдо Хашим жана молдо Газылардан сабак алып, Кыргызстан мусулмандарнын Дин башкармалыгы тарабынан Египеттеги бүткүл дүйнөлүк «Аль-Азхар» университетине жөнөтүлгөн.
2004-жылы «Аль-Азхар» университетинин «Шарият» факултетин ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылдары «Аль-Азхар» университетинин магистратурасында билимин жогорулаткан.
2006-2009-жылдары Египеттин муфтиятындагы үч жылдык атайын фатва берүүгө даярдоо окуусун ийгиликтүү аяктап, Египет мамлекетинин муфтиятында 2009-2010 жылы тажрыйба алуу максатында бир жыл эмгектенген.
2013-2015 жылдары К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин “Чыгыш таануу жана эл аралык байланыштар” факултетинин магистратурасын аяктаган.
2010-жылдан бери Кыргызстан ислам университетине ага окутуучу болуп, талабаларды окутууда.
Жоробай ажы Шергазиев 2011-жылдан тарта «Ыйман» мечитинде имам болуп эмгектенип келет. Ошол эле 2011-жылы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармасынын фатва бөлүмүнө адис болуп эмгектенсе, 2013-жылдан тарта фатва бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
2016-жылдын февраль айынан 2021-жылга чейин Азрети Муфтийдин орун басары кызматын аткарган.
Андан кийин КМДБ үгүт-насаат, фатва бөлүмдөрүнүн башчысы болуп кызмат кылса, учурда КМДБнын аппарат жетекчиси кызматын аткарууда.